Футзал боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстан Түркменстанды жеңип чыкты, чейрек финалда Японияга каршы ойнойт

Кыргызстандын курама командасы футзал боюнча Азия чемпионатынын топтук стадиясынын жыйынтыктоочу турунда Түркменстандык атаандаштарын 2:1 эсеби менен жеңди. Муну менен команда чейрек финалга чыгып, турнирдин фавориттеринин бири болгон Японияга каршы ойноо мүмкүндүгүн алды.

Кыргызстандыктар оюндун биринчи жарымында эле Түркменстандыктарга үстөмдүгүн беките алышты.

Эсепти 15-мүнөттө команданын капитаны Нуржан Джетыбаев ачты, бул анын турнирдеги алгачкы голу болду.

Биринчи мезгилдин аяктоосуна үч мүнөт калганда Вадим Кондратков жаза ойнотулгандан кийин, түркмөндөрдүн дарбазачысы Чарыяр Мередовдун дарбазасына таамай киргизди.

Экинчи таймда түркмөн футболчулары кыргызстандыктарга үстөмдүгүн арттырууга мумкунчулук белек кылышты — оюнчулардын бирөөсү одоно оюну үчүн оюн талаасынан четтетилди.

Бирок Амиржан Мукановдун тарбиялануучулары санынын көптүгүн колдоно алышкан жок, оюндун акырында топту өткөрүп жиберишти — форвард Назим Рахимов жыйынтыктоочу ышкырыкка үч мүнөт калганда гол киргизди.

Бул Кыргызстан менен Түркменстандын таймашы менен бир убакта өтүп жаткан А тобунун башка матчы — Таиланддын курама командасынын турнирдин ээси Бириккен Араб Эмираттары командасын 4:2 эсеби менен жеңүүсүнүн жанында эч кандай мааниге ээ болгон жок.

Таиланд топтук стадиядагы оюнун 9 мүмкүн болгон упайдан 9 упай утуп, жүз пайыздык көрсөткүч менен аяктады.

Кыргызстан 6 упай менен топто экинчи орунду алды. Мындан мурун команда Араб Эмираттарын жеңген, биринчи турда болсо, Таиландга жеңилип калган эле.

Төрт топтун ар биринин эң алдынкы эки командасы чыгуучу чейрек финалда Кыргызстан B тобунун жеңүүчүлөрү – Япония курамасына каршы ойногону турат.

Япондуктар азиялык футзалда эң күчтүүлөрдөн бири. Аталган мамлекеттин курамасы — футзал боюнча Азия чемпиону болгон эки азиялык команданын бирөөсү.

Анткени менен Япония титулдарынын саны боюнча континенттин жалгыз гана командасына, Ирандык курама командага алдырат — бир титулга он титул туура келет.

Эгер Кыргызстан Япония курама командасын жеңип чыкса, өзүнө футзал боюнча дүйнөлүк чемпионатта орун кепилдик кылат. Дүйнөлүк чемпоинат күзүндө Таиландда өткөрүлөт. Команданын буга чейин мындай жетишкендиктери боло элек.

Статичтика азырынча Япония курама командасынын тарабында— азыр Кыргызстан менен Япония Азия чемпионатында үчүнчү жолу кездешүүдө, Кыргызстан буга чейин бир да жолу жеңе алган эмес.

2012-жындын Футзал боюнча Азия чемпионатынын плэй-офф стадиясынын убакыттары (Бишкек убакыты боюнча):

Чейрек финал

  • Таиланд — Ливан, 29-май, 17:30
  • Иран — Өзбекстан, 29-май, 17:30
  • Япония — Кыргызстан, 29-май, 20:30
  • Кувейт — Австралия, 29-май, 20:30

Жарым финал

  • Таиланд же Ливан — Иран же Өзбекстан, 30-май, 17:30
  • Япония же Кыргызстан — Кувейт же Австралия, 30-май, 20:30

Үчүнчү орун үчүн оюн

  • Жарым финалда жеңилгендер 1-июнь, 18:00

Финал

  • Жарым финалдын жеңүүчүлөрү, 1-июнь, 21:30

Автор: Бектур Искендер

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы