Мамлекеттик байланыш агенттигинин интернет баракчасы хакерлердин чабуулунан кийин кайра калыбына келтирилди

Мамлекеттик байланыш агенттигинин интернет баракчасынын негизги бетинде 28-май күнү эртең менен бир нече саат бою Ататүрктүн потрети жана «Түрк хакерлер тобунун» кайрылуусу турду. Болжолдуу себеп – мындан бир жума мурун Коргоо министрлигинде болгондой эле, баракчанын «кыймылдаткычынын» эскирүүсү.

Бир нече саат бою Мамлекеттик байланыш агенттигинин интернет баракчасы «Түрк хакерлер тобунун» (Turk Hack Team) белгиси жана Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн портрети менен ачылып жатты.

Ататүрктүн «Түрк болгонум менен сыймыктанам» (Ne mutlu Türküm diyene) деген түрк тилинде сөзү алардын алдына жайгаштырылган.

Интернет баракчасы менен болгон кырдаал жөнүндө байланыш агенттиги азырынча комментарий бере элек.

Баракча 28-майда түшкө чейин кайра калыбына келтирилди.

Баракчанын чыгуу кодуна караганда, анда «Джумла» системасынын эски 1.5 версиясы колдонулат.

Ал төрт жыл мурун чыгарылып, 2012-жылдын апрель айында техникалык колдоо мөөнөтү бүткөн.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин баракчасы да бир жума мурун ушундай эле кырдаалга туш болгон, анда негизги бетте Ирандын картасы менен «Кокаин командасынын» кайрылуусу көрүнүп турган эле.

Аталган министрлик да «Джумланын» эскирип калган версиясын колдонуп жаткан.

«Клооптун» техникалык бөлүмүнүн божомолуна караганда, аталган эки учурда тең чабуулдун себеби мекемелердин экөө тең колдонуп жаткан эскирген жана коргоого алынбаган системалар болгон.

«Клооптун» техникалык бөлүмүнүн ою боюнча, хакерлер эскирген «Джумланы» колдонгон баракчалардын тизмесин табышкан. Андан соң табылган баракчалар автоматтык түрдө бузулган.

Эски «Джумланы» бузуу боюнча видео-инструкциялар, эң популярдуу «Ютуб» видео бөлүшүүчү баракчасында да бар.

Коргоо министрлиги интернет баракчасынын чабуулга учураганын танып, «оңдоо иштери» себебинен иштебей жатканын маалымдаган эле.

Мамлекеттик байланыш агенттиги да, Коргоо министрлиги да интернет баракчалары калыбына келгенден кийин деле эскирип калган «Джумланы» колдонууну улантышууда.

Авторлор: Зарема Султанбекова жана Бектур Искендер

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы