Ош облусу: Сел 5 жаштагы кыздын өмүрүн алып кетти

Сел ташкыны Кара-Кулжа районунун Октябрь айылында улгайган аял менен небересин агызып кетти. Кыздын денеси ошол эле күнү кечинде табылды, чоң энеси оор абалда райондук ооруканага жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов «Клоопко» 26-майдагы нөшөрлүү жамгырлардан кийин Октябрь айылынан өткөн сел агымы улгайган аялды жана анын 5 жаштагы небересин агызып кеткенин маалымдаган.

Ошол эле күнү кечинде Октябрь айылынын тургундары кыздын денесин айылдын жанынан табышкан, анын чоң энеси болсо, райондук ооруканага оор абалда алып келинген.

Райондук оорукананын башкы дарыгери Закир Солтоков аялды медициналык тез жардам бөлүмүнө алып келишкенин айтты.

«Бүгүнкү күндө абалы орто, өзүн жакшы сезүүдө. Бирок ал нервдик стрессте, небересин сактап кала албаганына кайгырып жатат», — деди башкы дарыгер «Клооптун» кабарчыларына.

Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Ализов Ош облусунун жетекчилиги кыздын туугандарына материалдык жардам көрсөткөнүн маалымдады.

Облус жетекчилигинен комментарий алуу мүмкүн болбой жатат.

Бекилов, айылда 15 үйдү жана чарбалык курулуштарды суу каптаганын, алардын экөө авариялык абалга түшкөнүн билдирди.

Бул – жылдын башынан бери сел агымынын экинчи курманы болду — 12 май күнү Баткен облусунун Лейлек районунда 42 жаштагы аялды мал багып жүргөн жеринен сел агызып кеткен.

Апрель айынан бери Кыргызстандын айрыкча түштүк облустарында өткөн жазгы ташкын селдердин айынан жалпысы болуп 4 миңүй жабыр тарткан.

Баарынан эң көп Жалал-Абад облусунда – 2800дөн ашык үйдү суу каптаган. Ош облусунда 600, Баткенде 300, Талас облусунда 200 чамасында үй сууда калды.

Автор: Гулзара Бакаева

Редактор: Улугбек Акишев

Сүрөттө: Ош облусунун айылдарынын бири, ӨКМдин сайтынан алынды

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы