Укук коргоочулар: Парламент жумушка келбеген депутаттар жөнүндө «жалган» маалымат берди

«Голос свободы» уюму 11-май күнү сот аркылуу парламенттен отурумдарга келбеген депутаттар жөнүндө маалымат алууга жетишкен. Бүгүн укук коргоочулар Жогорку Кеңештин «жалган» маалымат бергенин жарыялашууда.

«Голос Свободы» коомдук фондунун юристи Нурбек Токтакунов «Клоопко» Жогорку Кеңештин аппаратынан парламенттен отурумдарга келбеген депутаттар тууралуу суроосуна жооп алганын маалымдады.

Анын айтуусу боюнча, парламенттин жообуна караганда 2011-жылынын январь айынан ноябрь айына чейин сессияга келбеген бардык учурларда депутаттардын оору же иш сапары сыяктуу негиздүү себептери болгон.

Токтакунов бул маалыматтарга ишенбеси тууралуу «Фэйсбук» социалдык баракчасына жазган, кийинчерээк ал «Клооптун» кабарчыларына аталган маалыматтарды «жалган» катары эсептешин айтты.

«Алар [кызматкерлер] аларды [депутаттарды] азыр жаап жашырып жатышат», — деп ачууланды Токтакунов.

«Ошол эле учурда депутат [Токтогул] Туманов депутаттардын келбегендигинен бир нече комитет отурумдары өткөрүлбөй калгандынына даттанууда », — деп юрист сөзүн улады, эл өкүлүнүн апрелдеги билдирүүсүн эскертип. Анда депутат эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн жоктугунан эки ай бою кворум чогулбай жаткандыгын айткан эле.

Токтакунов Жогорку Кеңештен депутаттардын сессияга келбей калганынын бардык себептеринин түшүндүрмөлөрүнөн турган 50 барактуу жооп алганын билдирди.

Юрист «Фэйсбукта» «Биз бул жооптун чындыкка туура келгенин анализдейбиз», — деп жазат.

«Голос Свободы» уюмуна жооп даярдаган Жогорку Кеңештин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Алишер Жапаров аталган маалыматтардын так эместигин четке какты.

«Бизде кандай маалыматтар болсо, биз ошолорду беребиз. Ал [Токтакунов] эмне ойлосо да, ал анын жеке пикири», — деди Жапаров.

Бишкек шаардык соту 11-май күнү парламентти отурумдарга келбеген депутаттардын тизмесин келбеген себептери менен кошо жарыялоого милдеттендирген.

Соттун чечимине чейин Жогорку Кеңеш алардын жеке жашоосу тууралуу сырына таянып, жумушка келбеген эл өкүлдөрүнүн аттарын атоодон баш тартып жаткан.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы