Билим берүү министрлиги: Сырттан окуу 2014-жылы алыстан окууга айланат

2014-жылдан тарта сырттан окуу бөлүмдөрүнүн студенттерине лекцияларга баруу милдеттүү болбойт — Билим берүү министрлиги сырттан окуган студенттердин билим алуу процессин интернетке өткөзөт. Серепчилер билим берүүнүн жаӊы формасын жайылтуу үчүн техникалык базанын иштелип чыгуусу зарыл деп эсептешет.

Кээ бир университеттердин сырттан окуу бөлүмдөрү алыстан окууга өткөрүлөт, дейт билим берүү министринин орун басары Гүлжигит Сооронкулов.

Кайсыл университеттер студенттерин интернет аркылуу окута баштайт экени так белгисиз, бирок министрликтин басма сөз катчысынын билдирүүсүнө карганда, алыстан окууга бардык жогорку окуу жайлар өтпөйт. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда баары болуп 52 мамлекеттик жогорку окуу жайы бар.

Студенттерге жылына эки жолу сынак тапшыруу үчүн университеттерге барганы туура келбейт — бул процесс алыстан жүргүзүлүлөт, дейт министрдин орун басары.

«Ошондо адамдар сессияга келбей эле койсо болот. Алар компьютер аркылуу тапшырмаларды алып, аткарып, кайра жөнөтө алышат», — деди «Клоопко» берген интервьюсунда Соорнокулов.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматында алыстан окууга өтүү азыркы тапта сырттан окуп жаткан студенттерге тиешелүү эмес экендигин, жана алар колдонуудагы система менен билим алууну аякташарын айтышты.

Техникалык шарттар

Менеджмент жана дизайн университетинин ректору Камила Шаршекеева билим берүүнүн алыстан окуу формасын киргизүүнүн тараптары.

Анын ою боюнча, ЖОЖдорго окутуунун жаӊы формасын жайылтуу үчүн«техникалык шарттарды» даярдоо зарыл—мугалимдердин студенттерди окутууга керектүү болгон жабдуулары болуш керек.

«Менин түшүнгөнүм боюнча, бул жактан окутуп жаткандын да, ал жактан окуп жаткандын да тиешелүү шарттары болуш керек», — деди Шаршекеева «Клоопко» интервью берип жатып.

Билим берүү министрлигинин мурдагы орун басары Борис Кубаев министрликтин идеясын колдойт, бирок, анын ою боюнча, алыстан окууга өтүү 2014-жылда эмес 2016-жылда аткарылуусу зарыл.

«Мен ЖОЖдор жана министрлик [2014-жылга] бардык методикалык базаны иштеп чыга алабы деп коркуп жатам», — дейт Кубаев.

Анын пикиринде 2009-жылы Салык Кодексинин жаӊы редакциясына кабыл алуу менен киргизилген кирешелерден алына турган 20 пайыздык салыктын айынан мындай окутуу формасы үчүн даярдыктарды көрүү билим берүү мекемелери үчүн оордук жаратат.

Алыстан окуу формасы азыркы күндө Кыргызстандын бир нече жогорку окуу жайларында колдонулуп келет. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда мындай ыкма 2009-жылы, Кыргызстандагы эл аралык университеттин Виртуалдык академиясында 2008-жылы киргизилген.


Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы