Оштун мурдагы казысы муфтий менен «улутчулдукта» айыптаганы үчүн соттошот

Оштун Кызматынан четтетилген казысы ажы Мамытов муфтий Чубак ажы Жалилди «улутчулдукта» айыптагандыгы үчүн сотко берет. Муфтият казынын муфтийдин реформалары менен макул болбогондугу үчүн кызматынан четтетилгенин билдирүүдө.

Мамытов муфтий Чубака ажы Жалилди 16-майда аны убактылуу кызматынан четтеткендиги үчүн сотко берет.

Мамытов, муфтий аны мечиттердин аттарын арабчадан кыргызчага өткөргөндүгү, өзбек улутундагы имамдарды жумуштан кетиргендиги жана 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн улуттар арасы тополоӊдо «эч кандай чара көрбөгөндугу» үчүн күнөөлөп, «улуттар арлык чыр-чатак чыгаргандыгы» үчүн четтеткен деп эсептейт.

Мурадгы казы мындай айыптоолор менен макул эмес. Анын айтуусу боюнча, эки жылдык кызматы учурунда ал мусулмандардын суранычтарынан улам, болгону бир мечиттин атын өзгөрткөн.

«Ал [муфтий Чубак ажы Жалил] менин шариаттын мыйзамдарын бузганымды айтып жатат, а мен эмнени буздум? Анан да, мени улуттук провокатор деп атады, аны далилдесин», — дейт Мамытов.

Мурдагы казы кызматынан четтетилгенине карабастан, жумушка келүүсүн улантууда.

Муфтияттын басма сөз кызматы, Мамытовдун сөздөрүн жокко чыгарып, казынын муфтийдин жүргүзүп жаткан реформаларына каршылыгы үчүн четтетилгенин билдирүүдө.

Муфтияттын көз карашы боюнча, Мамытов мусулмандардын сыйынуучу жери Меккеге баруу үчүн акыларды банктар аркылуу төлөөгө каршы чыгып жаткан. Себеби, ал кыргызстандык сыйынуучулардан өзүнө пайда алып турчу.

«Диний ишеним эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу» мыйзамга ылайык, ажылык сапарды уюшуруу иштерин Кыргызстандын Диний башкармасы аткарат. Мурда мындай укук мамлекеттин колунда болчу, бирок мыйзамдын 2011-жылкы редакциясы менен ататлган укук муфтиятка өткөн.

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы