Футзал боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстан Японияга жеңилип, турнирден чыкты

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Азия чемпионатынын чейрек финалында Япониялык атаандаштарына 0:1 эсеби менен жеңилди – Амиржан Мукановдун командасы дүйнөлүк биринчиликке баруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды.

Япониялык футзалисттер 12-мүнөттө жалгыз гол киргизишти – форвард Хенми Кацутоши оң жак капталдан келип, Кирилл Ермоловдун дарбазасына алыстан сокку койду.

Экинчи мөөнөттө кыргызстандыктар бир дагы голдук учурду ишке ашыра алышкан жок жана жыйынтыктоочу ышкырык менен 2012-жылдын дүйнөлүк чемпионатка чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышты.

Үчүнчү жолу катары менен Кыргызстан Азия чемпионатынын чейрек финалына япониялык командага каршы чыкты, мурунку эки жолу Амиржан Мукановдун командасы 0:4 эсеби менен жеңилип калган.

Курама команданын тарыхында турнирде мындан ийгиликтүүрөөк оюндары да болгон – 2005-жылдан 2007-жылга чейин Кыргызстан үч жолу жарым финалга чыга алган.

Бирок, ал убакта Азиянын дүйнөлүк чемпионатта оруну азыраак болчу, ошентип Кырыгзстан бир да жолу футзал «мундиалына» өтө алган эмес.

2012-жылы Азияга квота көбөйтүлгөн – континентибизге дүйнөлүк чемпионатта төрт орун беришкен. Бул Азия биринчилигинин бардык жарым финалисттерине жолдомо берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

29-май күнү өткөн жарым финалдын башка матчтарында, Австралия Кувейтти 3:2, 10 жолку чемпион – Иран курама командасы – Өзбекстанды 6:3, Таиланд болсо, Ливанды 3:2 эсеби менен жеңип чыгышты.

Автор: Бектур Искендер

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы