Кыргыз тилдүү «Википедия» 2012-жылдын эсебинен эки эсеге чоӊоюшу мүмкүн

Кыргыз тилиндеги «Википедия» эркин энциклопедиясынын 2012-жылдын эсебинен 20 миӊ макала менен толукталат — бул 10 жылдык өмүрүндө баракчага жайгаштырылган маалыматтардан үч эсеге көп, деп кыргыз «википедисттери» маалымдашууда.

Кыргыз «википедисттери» кыргыз тилиндеги «Википедияны» толуктоо үчүн 17 миӊ доллар грант утуп алышкан.

«Кыргыз википедисттердин кыйымылы» долбоорунун жетекчиси Чоронбек Сааданбеков энциклопедияны өлкөнүн булуӊ бурчунан конкурстук негизде тандалып алынган жаштар толуктайт, деп билдирди.

Алар дүйнөнүн эн ири энциклопедиясынын кыргызчасынын 10 жылдык өмүрү боюнча чогултулгандан үс эсеге көп – 20 миӊ макала жазып шыгышат.

Кыргызча «Википедиянын» эӊ дүркүрөгөн өсүшү 2011-жылдын экинчи жарымына туш келген. Анда «википедисттердин» жигердүүгүнүн эсебинен энциклопедия 2,5 эсеге чоӊоюп, 2012-жылга 4500 макала менен кирген.

Мамлекеттик органдарга Интернетте кыргыз тилди өнүктүрүү демилгеси жагып жатат. Мисалы, кыргызстандын президентинин аппараты «Гугл-Транслейт» кызматына мамлекеттик тилди киргизүү демилгемин колдоодо.

«Википедияга» болсо, мамлекеттик тил боюнча комиссия жардам көрсөтүүгө даяр – анын башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулу январда мекеменин «Википедияга» колунда болгон электрондук түрдөгү маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирген.

«Википедия», дүйнөнүн эӊ ири Интернет-энциклопедиясы, негиздөөчүлөрүнүн айтуусу боюнча, бардык дүйнөлүк тилдерде версиялары бар.

«Википедия» дүйнөдөгү популярдуулугу боюнча алтынчы интернет-баракчасы болуп, баарынан мурун, катардагы Интернет-колдонуучулардын макала жазуусу жана оӊдоосу мүмкүн болгондугу менен белгилүү.

Алардын стандарттарды сактоосу зарыл. Энциклопедиянын башкы принциптеринин бири теӊ салмактуулук болуп эсаналат – макалада кимдир бирөөнүн пикири башкалардан жогору баалануусу болбойт. Мындан сырткары, авторлордун атынан баалоочу сөздөр колдонулбашы керек.

Энциклопедиянын ачыктага көбүнчө андагы маалыматтардын тактыгынан күмөн санатат.

Бирок, англис жана немец тилиндеги версиялары менен өткөрүлгөн бир нече ири изилдөөлөр жалпысынан «Википедияга» ишенсе болорун билдиришкен.

Мисалы, британиялык «ПиСи Плас» журналы 2008-жылы англис тилиндеги «Википедияны» «Британника» жана «Уорлд Бук» энциклопедияларынын чыгарылыштарына салыштырып, «Википедияны» редакциялоодо каталардын бардыгын, ошондуктан колдонуучулар маалыматтарды текшерүүсү керектигин айтып, бирок негизинен энциклопедия «баалуу жана так» маалыматтар менен толтурулган деген жыйынтыкка келген.

Кыргыз тилиндеги «Википедия» англис тилиндегиге салыштырмалуу өтө кичине. Анда 2012-жылынын башында 4 миллион макала пайда болгон.

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы