Мусулмандардын диний башкармасы мамлекеттин муфтияттын бийлигин тартып алып жаткандыгы үчүн күнөөлөдө

Муфтият президенттин аппараты жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия атайын кызматтар менен бирге Чубак ажы Жалиловду кулатып, мусулмандардын диний башкармасынын бийлигин таптып алганы жатат, деп эсептейт. Мекемелер кырдаалды изилдөөдө жана комментарийлерден баш тартышууда.

Кыргызстан Мусулмандарынын диний башкармасы өзүн «Кара квадрат» деп атаган уюм Чубак ажы Жалиловду кызмат ордунан кетирүүгө аракет кылып жатканын айтты. Муфтияттын билдирүүсү боюнча, аталган уюмга мамлекеттик органдар көмөк көрсөтүүдө.

Муфтият Президенттин аппаратын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин 31-майда муфтиятын бийлигин тартып алууну каалаган уюмга көмөк көрсөтүп жатат, деп айыптады.

«Клооптун» кабарчылары «Кара квадрат» уюмунун бар экендигин тактай алган жок.

«Вечерний Бишкек» гезити Дин иштери боюнча мамлекеттик комитети мындай уюмдун бар экендигин жокко чыгарганын жазган.

Комитеттин башчысы Абдулатиф Жумабаедин айтуусу боюнча, Уламалар (аксакалдар) Кеӊешинин 15 мүчөсү мамлекеттик комиссияга, Президенттин Аппаратына жана МУККга уламаларды чогултуу тууралуу сураныч менен кат жөнөтушкөн.

«Балким, ошонун айынан муфтият бизди кандайдыр бир сүйлөшүүдө айыптап жатат», — деп, «Вечерний Бишкек» гезити Жумабаевдин сөздөрүнө шилтеме жасаган.

Ал эми Муфтият болсо, атайын кызматтар уламаларды 31-май күнү Жалиловдун ордуна жаӊы муфтий тандоо же аны калтыруу үчүн чогулушка келүүгө мажбурлап жатышканын айтууда.

МУККнын басма сөз кызматы муфтияттын айыптоолору тууралуу маалыматтарды тактоого убада берди да, андан кийин комментарий алууга мүмкүнчүлүк берген жок.

Уламалар Кеӊеши 2010-жылы муфтийликке Чубак ажы Жалиловду алты талапкердин арасынан тандап алган.

Жалиловдун Кыргызстан муфтийинин кызмат ордунда болуусу бир канча жолу сынга алынган.

Мусулман динаятынын бир бөлүгү Жалилов курултай чогултуп, өзүнүн муфтийлик ордун мыйзамдаштырып алуусу керек, деп эсептешет.

Бирок Кыргызстандагы Мусулмандардын диний башкармасы өлкө мусулмандарынын диний жетекчисинин алмашуусунда курултай чакыруу милдеттүү эмес экенин билдирген муфтияттын уставына таянып жаткан.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы