Ош шаарынын прокуратурасы: өспүрүм кыздардын өзүн өзү өлтүрүү аракеттери көбөйүүдө

Ош шаарынын прокуратурасы 2012-жылы өспүрүмдөрдүн арасында 15 өзүн өзү өлтүрүү аракеттери катталды деп маалымдады. Психологдор суициддин ар кандай себептерин айтышты.

Бардык учурларда балдарды сактап калууга мүмкүндүк болду деп прокуратура маалымдады. Балдардын жашы 14-18ге чейин.

2012-жылы суициддин аракеттери мурунку жылга караганда беш эсеге көп болгон.

Прокуратура ата-энелерден суицид аракеттери эмне себептен болуп жаткандыгын аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында ата-энелер балдарынын өзүн өмүрүнө кол салуунун себептерин айтуусун каалашкан эмес.

Ош шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кылыч Жолдошев өз сөзүндө, жума сайын өзүн өзү өлтүрүү аракеттери жөнүндө маалымат түшүп жаткандыгын айтты.

“Бизге эки күндө бир жолудан даары, димидрол, уксус ичип алышып өзүн өзү өлтүрүүгө аракеттенген жаш өспөрүмдөр жөнүндө кабарлар түшүп турат. Буга алардын азыркы өткөөл мезгил таасир берип жатат, мүмкүн ата-энелери менен да урушуп жаткандыр”, — деди Жолдошев.

Ал, бул балдарды жооп керчиликке үндөшпөйт, бирок дин кызматкерлери алар менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турушкандыгын айтты.

“Ата-энелер, мугалимдер менен сүйлөшүп, дин жагынан да түшүндүрүшкө аракет кылабыз. Өзүн өзү өлтүрүү чоң күнөө”,― дейт орун басар.

Ош шаарынын психологиялык борборунун психиатору Абдырахман Омурзаков “Клоопко” берген маегинде, бул жылы кыздардын арасында суицид аракеттери көбөйгөнүн себеби ― бул алардын арасында рекет күчөйгөнүн айтты.

“Аларда азыр ушундай өткөөл мезгил. Жадагалса кыздардын арасында да акча талап кылуу, рекеттик да көбөйгөндүгү да себеп болот. Алар мындай абалды көтөрө алышпайт”,―деп айтты психиатр.

Ал эми “Аруулан” кризистик борборунун психологу Гүлнара Айткошова мындай көйгөйдүн себеби үй-бүлө жана мектеп тарабынан окуучуларга жакшы көңүл бурулбастыгын белгиледи.

“Мунун негизги себеби ата-энеси эки жакка кетип калып жатышат, биринчиден. Экинчи себеби болсо, мектептерде алгылыктуу жакшы иштер алып барылбайт. Башкача айтканда тарбияга мектептерде көп көңүл бурулбай калды азыр”,―деп оюн билдирди Айткошова.

Автор: Нуржамал Мураталиева