«Республика» жана «Ата Мекендин» футбол матчы мушташ менен аяктады

«Республика» жана «Ата Мекендин» жаш канаттары 29-майдагы футбол матчында мушташып кетишти. «Ата Мекен» мушташты баштаган атаандаштарынын оюнчусу десе, «Республика» «соо эмес» калысты провокатор деп атоодо.

«Республика» жана «Ата Мекен» партияларынын жаш канаттарынын ортосундагы 29-май күнү Бишкекте өткөн футбол боюнча беттешүү командалардын мушташы менен аяктады.

«Республиканын» жаш канатынын жетекчиси Наргиза Ажибаева провакатор катары калысты атады. Анын айтымында, арбитр беттешүүнүн жүрүшү боюнча өзүн «адекваттуу эмес» алып жүргөн жана «республикачыл оюнчулардын» бирөөнө тап берген.

«Турнирдин калысы Темир Эмилов оюндун жүрүшүндө белгисиз шылтоолор менен улам-улам оюнду токтото берген жана кыйкырып жаткан. Бул анын соо эмес экендигин далилдеп турду. Ал мушташ башталгандан кийин, дароо эле качып кетти», — деди Ажибаева.

Ал турнирдин уюштуруучулары болгон «ата мекенчилер» тарабынан оюнга калыс болуу үчүн чакырылган Темир Эмилов Бишкектин Ленин районунун акиминин орун басары болуп чыкканы жана калыстык статуска ээ эместигине нааразы.

Эмилов «соо эместиги» тууралуу айыптоону жокко чыгарды.

«Мен толук түрдө соо болчумун, а менин тап бергеним, ал мени сөгүп, оюнга калыстык кылганыма каршы чыгып жатканлдыгы үчүн болгон. Мен ал жактан кетип калдым, себеби, ал жерде кылар ишим жок болчу. Өздөрү чечип алышсын», — деди Эмилов.

«Атамекенчилдердин» капитаны Эламан Джакупов мушташтын чыгуусуна «республикачылдардын» оюнчусу Шекербек Бектемировду күнөөлөдү. Анын ою боюнча, аталган оюнчу – атайын жалданган профессионал футболчу.

«Шекербек Бектемиров – «Республика» партиясынын мүчөсү эмес жана бул турнирге катышууга укуктуу эмес болчу. Так ошол адам биздин партиядан бир оюнчуну бетке согуп, мушташтын чыгышына себеп болду», — деди Джакупов «Клоопко» берген интервьюсунда.

Наргиза Ажибаева «Республиканын» Бектемировду атайын жалдаганын жокко чыгарып, анын партия мүчөсү экенине ишендирди.

Джакупов Эмиловдун Ленин райондук акиминин орун басары экенин билбегендигин кошумчалады.

«Биз калыстар коллегиясын тандаган эмеспиз, биз бир гана калысты, Темир Эмиловду чакырганбыз. Ал эми анын Ленин районунун Акиминин орун басары экенин мен билбейм», — деди «атамекенчил».

Бектемировдун оюн убагында баш мээси жараланып, көзүнөн контузия болгон. Травмаларынын айынан улуттук ооруканада жатканы үчүн, андан комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Республикалык масштабда «Республика» жана «Ата Мекен» партиясы бири бирине оппозициялык фракциялардан эмес жана парламентин көпчүлүк коалициясында турушат.

Сүрөттүн автору: «Фликр» баракчасынын колдонуучусу beefy_n1

Автор: Азиз Гульджабаев жана Эльдос Казыбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы