Кыргызстандын түндүгүндө болгон 5,4 баллдык жер титирөөдө жабыркагандар катталган жок

Силкинүүнүн очогу Казакстандын түштүгүндө –Кыргызстан менен болгон чек арага жакын жерде катталган. Андан да катуураак силкинүү Ысык-Кол облусунун Ананьево айлында байкалган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

АКШнын Геологиялык агенттигинин айтымында 5,4 баллдык жер титирөө түнкү саат 3төр чамасында Казакстандын Алматы областында катталган.

Жогорудагы агенттиктин билдирүүсүнө караганда силкинүүнүн очогу Казакстандын эӊ чон шаарларынын бири -Алматы шаарынан 150 км аралыкта ал эми Ыссык-Көл облусунунТүп айылынан 80 км аралыкта катталган.

Ал эми Германиянын сейсмология борбору «Геофон», тескерисинче силкинүүнүн очогу Казакстандын түштүгүндө эмес, Ыссык-Кол областында катталгандыгын айтты.

Кыргыз Улуттук Академиясынын сейсмологиялык институтунун айтымында жер титирөөнүн күчү 7 баллга жеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча эӊ катуу силкинүү Ысык-Көл облусунун Ананьево айлында байкалган жер титирөөнүн күчү 4 баллды түзгөн.

Каракол шаарында жер титирөөнүн күчү 3,4 баллды түзүп, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Интернет колдонуучуларынын билдирүүлөрү

Жер титирөөдөн кийин белгилүү «Дизель» интернет форумунда жер титирөөгө байланыштуу тема ачылып жабылганга чейин 5 сааттын ичинде 40тан ашык билдирүү топтогон.

AKA лакап аты менен катталган «Дизельчи», жер титирөөдөн кийин «үйүндө баары ойгонгонун» жазган.

«Аябай күчтүү силкинүү болду!» — дейт форумчу.

SNP лакап аты менен катталган колдонуучу эки силкинүүнү сезгенин жазган.

«Менимче… 2 жолу синкинүү болду, алгач үй эмеректери кыйчылдады. Андан кийин керебет да толкунда бараткандай болду», — деп кошумчалады колдонуучу SNP.

Форумчу notsniv «үйү жакшы эле силкингенин» жазган.

Notsniv «Мен ойгондум,анан зайыбым да ойгонду. Эми уктабайм деп жатат», деп маалымдаган.

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы