Макфол Кыргызстандын бийлигин Россияга сатылган дегени үчүн кечирим сурады

АКШнын Россиядагы элчиси Майкл Макфол 30-майдагы Россия Американын «Манас» транзиттик жүк ташуу борборун Кыргызстандын аймагынан чыгаруу үчүн Кыргызстандын бийлигине акча берген деп айткан сөзү үчүн кечирим сурады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Өкмөтү комментарийлерден баш тартып жатышат.

Макфол Россиянын Кыргызстандагы Американын авиябазасын чыгаруу үчүн «чоң суммадагы» акча сунуштаганы тууралуу билдирүүсү үчүн кечирим сурады. Ал мындай билдирүүнү 25-майда Экономикалык жогорку мектептин студенттеринин алдында жасаган.

«Мен жымсалдабай түз айтайын -2009 жылы силердин мамлекетиңер Кыргызстанды «Манас» авиябазасынан Америкалыктарды чыгарып салуу үчүн пара берген. Силер Курманбек Бакиев мырзага [2010-жылы төңкөрүлгөн президентке] чоң суммада пара сунуштагансыңар», – деп Макфол өз сөзүндө маалымдаган.

Ошондой эле, АКШ да авиябазанын калуу мөөнөтүн узартуу үчүн да Кыргызстанга акча сунуштаганын мойундады, бирок анын көлөмү, саясатчынын айтуусунда «10 эсеге аз болгон».

Элчи сөздөрү үчүн 30-май күнү – Россиянын тышкы иштер министри анын сөздөрүнүн тактыгын каккандан кийин эки күн өткөн соң кечирим сураган.

«Элчилердин милдети, биздин түшүнүгүбүз боюнча, жалган нерселери медия чөйрөсүндө жайуу эмес, кабыл алуучу мамлекет менен өз өлкөсүнүн эки тараптуу мамилелерин чындыкка таянып өнуктүрүү кирет», — деп айтылат россиялык Тышкы иштер министрлигинин Интернет баракчасында.

Анын сөздөрүн туура эмес интерпретациялаган Россия бийлигинин реакциясына Макфол «тан калган» жана бул жөнүндө ал рунеттеги эң ири «Живой Журнал» блогунда жазган.

«Балким мен мынчалык түз айтканым туура эмес болгондур. Мен муну менен макулмун жана мындан кийин дипломатиялык тилде сүйлөөгө аракет кылам», — деп жазат.

Макфол «Твиттер» микроблогунда Кыргызстандык саясатчы Эдил Байсалов менен болгон маегинде өзүнүн сөзү менен Экономикалык жогорку мектептин студенттеринин алдында Россия, АКШ жана Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүн баса белгилегиси келгенин жазган.

Макфолдун сөз сүйлөгөнүнөн дээрлик эки жума өткөнүнө карабастан, Кыргызстандын расмий бийлигинен эч кандай реакция болгон эмес — Тышкы иштер министирлиги жана Өкмөт «Клоопко» берген интервьюсунда Американыны элчисинин сөздөрүнө комментарий жасабай тургандыгын билдиришкен.

Авиабазанын калуу мөөнөтү

Америкалык «Манас» авиабазасы, азыркы Транзиттик жүк ташуу борбору, эгемендүү Кыргызстандын тунгуч президенти – Аскар Акаевдин бйилики убагында, 2001-жылдын декабрынан тарта ишке кирген. Азыркы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев аталган борборду 2014-жылы Кыргызстандан алып чыгуу жөнүндө бир нече жолу билдирүү жасаган. Ал мындай ниетин акыркы президенттик шайлоолордо жеңген күнүнүн эртеси маалымдаган.

АКШ бийлигинин реакциясы дароо байкалып, АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Роберт Блэйк Атамбаев менен 2014-жылдан кийин авиябасанын калтыруу маселесин бир нече ирет талкуулга алган.

Россия бийлиги Атамбаевдин билдирүүсүн жакшы кабыл алышкан. Мындай пикирди Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандагы расмий өкүлү Александр Лукашевич маалымдаган.

Лукашевич май айынын башында: «Биз Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдан кийинки мөөнөткө аталган борбор боюнча АКШ менен болгон келишимди узартпай, эч кандай аскердик курамсыз, граждандык эл аралык транспорттун түйүнгө айлантуу тууралуу ниетин жакшы кабыл алдык», – деген.

«Манастын» өкүлдөрүнүн расмий билдирүүлөрүнө ылайык, Транзиттик ташуу борборунун иш аракеттери Түндүк Атлантика келишими уюмунун (НАТО) күчтөрү «Талибан» ислам кыймылы менен согушуп жаткан Афганистан мамлекетиндеги коопсуздукка көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Авторлор: Зарема Султанбекова, Азиз Гульджабаев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы