Хроника: Ысык-Көлдүн жаштары «Кумтөрдүн» жолун тосууда

«Кумтөр» алтын кенинин жолу алтын иштетүүчүлөрдү жумушка алуудагы коррупцияда айыптап чыккан жаштар тарабынан тосулган. Алар компаниянын электроэнергиясын өчүргөнү жатышат. «Кумтөр» мындай нааразычылыкты мыйзамсыз деп эсептейт.

13:22 Облус губернатору жана митингчилер Барскоон айылындагы «Волна» пансионатына жолго чыгышты. Ал жерде алар жаштардын талаптарын талкуулашып, бир бүтүмгө келүүсү зарыл. Андан соң талкуу натыйжасы башка катышуучуларга угузулат.

Нарис Калчаев эгер компания талаптарды аткара турган болсо, митинг тургандыгын, болбосо, акция талаптар аткарылганга чейин улана берерин айтты.

13:00 «Клооптун» кабарчысы «Кумтөр» компаниясынын жетекчилигинин жана мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин өкүлдөрү келишти, деп маалымдады.

Ал жерге, ошондой эле, Ысык-Көл облустук администрациянын укук коргоочу бөлүмү да келген.

Митингге чыккандар өздөрүнүн талаптарынын протоколун түзгөнү жатышат. Бул талаптарды «Кумтөрдүн» өкүлдөрүнө аларды аткаруу шарты менен кол коюга беришет.

Талаптардын тизмеси облус губернаторуна «Кумтөр» менен сүйлөшүүгө баруу үчүн берилет.

Митингдегилердин бири президент Алмазбек Атамбаевдин Ысык-Көлдөгү сапары убагында аталган компанияга каршы нааразычылыктарга көң үл бурбагандыгын айтып арызданды.

Облус губернатору Мирбек Асанакунов Атамбаевге бул маселе тууралуу айтканын, бирок президент өз пландарынын себебинен митингчилерге келе албагандыгын билдирди.

12:30 «Клооптун» кабарчысы Азат Рузиев митингге чыккандардын саны 150-200 адамга чейин көбөйгөнүн кабарлады.

Кээде митинг жүрүп жаткан жерге милиция унаалары келип, бирөк кайра эле кетип жатышат.

Облустун губернатору Асанакунов, бийликтин маалматына ылайык, азыркы учурда Тамга айылында жана жакында жаштарга келет.

11:42 «24.kg» маалымат агенттиги митингчилер алтын чыгаруучу компанияны басып алганы жатышканын маалымдады.

Нааразычылык көрсөтүп жаткандар бул маалыматты жокко чыгарышты, деп «Клооптун» окуя болгон жерден кабарчысы маалымдады.

Кабарчы жолдо 15ке жакын унаа жана 70-80 адам турганын маалымдады.

Митингчилерге Жети-Өгүз райондук кеӊешинин депутаттарынын бири жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы келишип, жаштарды митингди «мыйзам чегинде» өткөрүүгө чакырышты.

Митингдегилер өздөрүн токтоо алып жүрүүдө.

11:22 Адамдардын саны 60ка чейин көбөйгөнүн «Клооптун» кабарчысы маалымдады.

Ысык-Көл облус жетекчилигинин басма сөз кызматы митинг өткөрүп жаткандар менен сүйлөшүү үчүн облус губернатору Мирбек Асанакунов жолго чыкканын кабарлады.

11:12 «Кумтөрдун» басма сөз кызматкери Сергей Дедюхин жолдун тосулганы үчүн компаниянын тарткан чыгымы азырынча эсептелип чыга электигин, компания баарынан да кызматкерлеринин коопсуздугуна тынчсызданып жатканын айтты.

Дедюхин компаниянын расмий көз карашын жарыялап, «Кумтөрдөгү» жумушка алуудагы коррупция тууралуу митингчилердин сөздөрүн жокко чыгаргандыгын билдирди.

«Биринчиден, булар жөн гана сөздөр – биз дайыма жумушка алуудагы коррупциялануу тууралуу маселени көтөруп чыккан коомчулуктун бардык өкүлдөрүнө кайрылабыз. Биз ар дайым – бизге келгиле, компания силерге жарам берет – деп айтабыз. Бирок, азырынча бир дагы жолу мындай учур катталган эмес», —деди Дедюхин.

1-июнь, 10:41 Жети-Өгүз районунун жаштар кеӊешинин өкүлдөрү «Кумтөр» алтын казып иштетүүчү кенинин жолун тосушту.

«Клооптун» кабарчысы Азат Рузиев митингге чыккандар унааларды гана өткөрбөй жатышканын, жолду эки катар таш тизип, тосуп коюшканын окуя болгон жерден кабар берди.

Нааразычылык көрсөтүп жатышкандардын саны 30-40 адам – түшкө жакын алар дагы көп адам келерине убада берип жатышат. 31-май күнү алардын саны 300-400 чамасында болгон.

Жети-Өгүз районунун жаштар кеӊешинин торагасы Нарис Калчаев митингдегилер «Кумтөрдүн» өкүлдөрүн жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын күтүп жатышканын айтты.

Азыр жолдун жанында митингчилердин эки боз үйү тигилип турат.

31 май: Ысык-Көлдүк жаштардын нааразычылык акциясынын экинчи күнү уланууда.

«Клооптун» кабарчысынын маалыматы боюнча жаштар алтын кенинин электроэнергиясын өчүргөнү жатышат.

Митингчилердин бири өздөрүнүн 20 талабы бар экенин, алардин бирөө «таза» жумушка алуу экенин айткан. Алардын айтуусу боюнча, «Кумтөр» жумушка орнотуу үчүн 5 миӊ доллар талап кылып жатканын айтышууда.

Наарачылыкка чыккандар кенди экологиялык жана экономикалык кылмыштарда айыптап жатышат. Алардын айтуусунда, аталган компания 16 гектар жерди өзүмдүк кылып алган жана ал үчүн салык төлөбөйт.

Алардын кийинки акциясы 1-июнда саат 11ге пландаштырылган. Анда алар жолду тосуп, унааларды өткөрүшпөйт.

Кендин ишмердигинин натыйжасында экологиянын булганып жатканына жана жергиликтүү калкты жумушка алуудагы чектөөлөрдөн нааразы экенин «Азаттык» радиосу билдирди.

«Кумтөрдүн» басма сөз катчысы Сергей Дедюхин компаниянын жаштар кыймылынын жетекчилери менен жолукканын маалымдады.

«Азаттык» радиосу Дедюхиндин «Биздин ал жактагы өкүлүбүздү алар менен көрүшүүгө жөнөткөнбүз. Азырынча алардан эч кандай талап келип түшкөн жок», — деген сөздөрүнө шилтеме жасаган.

Компаниянын расмий көрүшү боюнча, пикете тургандардын иш аракеттери мыйзамсыз жана компаниянын жумушуна зыян тийгизиши мүмкүн.

«Кумтөр» Интернет баракчасында болуп жаткан окуялар тууралуу Өкмөттүн тиешелүү структураларына кабар бергенин жазган.

Автор: Зарема Султанбекова жана Азат Рузиев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы