Оппозициялык партиянын басма сөз катчысы опузалап акча талап кылгандыгында айыпталууда

Милициянын маалымдоосуна ылайык «Майдан.kg» гезитинин башкы редактору жана «Ата-Журт» оппозициялык партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов 30-май күнү кечинде коркутуп акча талап кылгандыгы үчүн колго түшүрүлгөн. Анаркуловдун кесиптештери аны камоого президент жана премьер министрге каршы жарыялоолру себеп болгон, деп эсептешүүдө.

ИИМдин маалымдоосу боюнча Анаркулов «Учкун» полиграфиясынын жетекчилигин коркутуп 15 миң сом талап кылгандыгы үчүн кармалган.

Тергөөнүн пикиринде ал «Майдан.kg» гезитинде компаниянын ишмердиги жөнүндө компроматтык материалды жарыялайм деп коркүткан.

«Ал тергөө убагында 11 миң сом алп жаткан жеринен кармалган», — дейт ИИМдин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов.

ИИМдин маалыматы боюнча «Учкун» компаниясы оппозициялык партиянын басма сөз катчысынын коркутуу фактысы тууралуу билдирүү менен милицияга кайрылган

Полиграфиянын өкүлү болсо, «Клооптун» кабарчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө милицияга арыз жазгандыгы тууралуу маалыматты жокко чыгарды.

«Учкун» компаниясы мындан башка коментарий берүүдөн баш тартты.

Азыркы тапта Анаркулов ИИМдин тергөө башкармасында. 31-мадын аягында чейин сот аны кармоо орду тууралуу чечим кабыл алат, дейт ИИМдин басма сөз кызматынан МВД Бакыт Сейитов.

Анаркулов Кылмыш кодексинин 170-беренеси – коркутуу жолу менен акча талап кылуу боюнча айыпталууда.

«Азаттык» радиосу «Майдан.kg» гезитинин редактору Гульзада Турдалиевага шилтеме жасап, акыркы убактарда гезитте жарыяланган премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине «сын материалдарды» сөз кылган.

Акыркы айдын ичинде «Майдан.kg» бийликти сынга алган бир катар материалдарды жарялаган. 2 май күнү гезит бетине гезиттин мамлекет тарабынан кысымга алынганы тууралуу «Атамбаев жана Бабановдун бийлигинин куугунтугу алдында» аттуу макала чыгарылган.

Кийинчерээк, май айынын ортосунда «Майдан.kg» «Кыргызстан [премьер-министр Өмүрбек] Бабановдун менчигиби?» аты менен материалды жарыялаган. Анда 2011-жылы Улуттук банк тарабынан убактылуу токтотулган «Айыл банкынын» сатылуусу мүмкүн экендиги талкууга алынган.

«Ата-Журт» партиясынан Депутат Азис Суракматов массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн камоого же соттого болбойт, деп эсептейт.

Ошол эле учурда, эгер Анаркуловдун күнөөсү сотто далилденсе, «Майдан.kgнин» башкы редактору жоопко тартылуусу керек деп кошумчалады.

Нургазы Анаркулов – «Майдан.kg» оппозициялык гезитинин башкы редактору жана кожоюну жана «Ата-Журт» партиясынын басма сөз катчысынын милдетин аткарат.

Ошондой эле, ал 2011-жылы Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каржы рыногун жөнгө салуу жана тескөө кызматтын байоо кеңишинин курамына сунушталган.


Сүрөт: Нургазы Анаркуловдун «Фейсбуктагы» жеке баракчасынан

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы