Кыргызстандык авиакомпаниялар «Ачык асман» режимине каршы

Кыргыз авиакомпанияларынын башчылары «Ачык асман» режими киргизилгенден кийин чет өлкөлүк ташуучулар менен атаандашуу аларды жакырдантат деп эсептешет. Бийликтин айтымында, мындай жаңы киргизүү өлкөдөгү авиаташуулардын сапатын жогорулатат.

Кыргызстандык компаниялар 2012-жылы май айынын ортосунан бери өкмөт тарабынан киргизилгени жаткан «Ачык асман» режимининин натыйжасында, жүргүнчүлөр эл аралык каттамдарда чет өлкөлүк авиакомпаниялар аркылуу учуп калышарынан коркуп жатышат.

Авиакомпаниялардын жетекчилеринин жабык жолугушуусунда, компаниялардын авиатармакка жаңы саясат киргизилүүсүн жокко чыгарууну лоббирлөө чечими кабыл алынган.

«Ачык асман» эл аралык учуулардын үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдүн азайуусун ичине алат. Мында авиакомпаниялар учуу маршруттарын, билеттердин баасын жана ташуучу жүктүн көлөмүн өздөрү белгилөөгө укуктуу болушат.

Бул Кыргызстандын кирүү жана чыгуу билеттеринин бааларынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.

«Кыргызстан», «Эйр Бишкек», «Авиа Траффик», «Кыргыз Транс Авиа» жана «Эйр Манас» авиакомпанияларынын жетечкиликтери режимдин киргизилүүсү «мезгилсиз», «Ачык асмандын» артыкчылыгынан кемчили көбүрөөк, деген ойдо.

Компания башчылары кемчиликтердин арасында мамлекеттин кирешелеринин азайышын – учууларга байланыштуу болгон салыктардын жоголорун, компаниялар учуу-конуу сызыгын колдонууга жана аэропорт кызматтарына гана акча төлөшөрүн белгилешти.

Аталган авиакомпаниялардын өкүлдөрү «Ачык асмандын» бир артыкчылыгын табышкан — чет өлкөлүк ташуучулар жергиликтүү авиакомпанияларга караганда жүргүнчүлөргө көбүрөөк коопсуздук камсыз кыла алышат.

«Мындан да жакшы иштей башташат»

Өкмөт мүчөлөрү «Ачык асманды» киргизүү Кыргызстанга пайдалуу болот деп эсептешет. Вице-премьер-министр Джоомарт Оторбаев аталган режим жергиликтүү авиакомпаниялардын жумушун жакшыртат, деп ишендирди.

«КГ Информ» маалыматтык порталы ««Ачык асманды» киргизүүнүн улуттук ташуучулардын жумушунун токтошуна алып келиши тууралуу ой-пикирлер туура эмес. Тескерисинче, катуу атаандаштык шарттарында, алар азыркыдан да жакшыраак иштей башташат», — деп вице-премьерге шилтеме жасап маалымдаган.

Оторбаевдин сөздөрүн талаган режимди киргизүү үчүн шарттарды тартипке киргизүү менен алектенип жаткан Экономика жана монополияга каршы министри Темир Сариев ырастады.

«Тазабек» маалмыат кызматы Сариевге шилтеме жасап, «Ачык асман» өлкөдөгү авиаташуулардын сапатын жакшыртарын жазган.

«Ички авиаташуулар учун дотация бөлүп жана аларга арзандатылган баада авиакеросин берүүгө болот. Сиздердин [жергиликтүү авиакомпанияларын] бул саясатты киргизүүгө каршы аргументтериңизер «жумшак жана ишендирерлик эмес». [Саясаттан] Баш тартсак, биз 2-3 авиакомпанияын кызыкчылыктарын лоббирлеген болуп калабыз», — деп билдирди Сариев.

Билеттердин бааларынын төмөндөшү

Борбордук Азия эркин рыног институту (КАФМИ) «Ачык асман» режими учуу баасын төмөндөтүп, өлкөбүздөн учкан эл аралык каттамдардын санын көбөйтүп жана кыргызстандык аэропорттордун кирешелерин көбөйтөт, деп эсептейт.

Алардын изилдөөсүндө учууларды көзөмөлгө алуу тууралуу эл аралык келишимдер Бишкекте жайгашкан «Манас» аэропортуна өткөрүү жөндөмдүүлүгүн толук колдонууга тоскоол болуп келишет.

КАФМИ «Манас» аэропортунун жүргүнчү айлануусу төмөн деп эсептейт. 2011-жылы аэропорт аркылуу 650 миң кардар өткөн. Салыштыруу үчүн, ошол эле мөөнөттүн ичинде Алматадагы аэропорттун жүргүнчү айлануусу уч миллион адамдан ашкан.

«Ачык асман» режими боюнча келишим алгач ирет 1992-жылы мартта Хельсинкиде кабыл алынган. «Ачык асман» келишимдин катышуучу мамлекеттерине бири-биринин аймагында учууга мүмкүндүк берет. Азыркы күндө аталган режим 34 өлкөдө иштейт.

Кыргызстан келишимге 1993-жылы кол коюп, бирок бүгүнкү күнгө чейин ратификациялаган эмес.

Авторлор: Александра Ли жана Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы