Бишкек-Ош авто жолунда тогуз адам каза болду

Бишкек-Ош авто жолунда эки авто унааныны кагылышуусунан тогуз адам каза болду. Каза болгондордун арасында эки өспүрүм бар.

Жол кырсыгы Бишкек-Ош жолунун 197 километринде 3-июнунуда болду.

ӨКМнын маалыматы боюнча “Тойота” үлүгүсүндөгү минивен туура эмес жол тилкесине чыгып, жүк ташуучу МАЗ авто унаасын сүзүп алган.

Каза болгондордун баары “Тойота” авто унаасыныны жүргүнчүлөрү болгон:

  • Болотбек Кудайбердиев, 45 лет, Ноокат району, Ош облусу — минивендин айдооочусу;
  • Гульдар Алиева, 23 жаш, Кенеш айылы, Ош облусу — жүргүнчү
  • Чынара Шерматова, 42 жаш, Бишкек — жүргүнчү
  • Кыяз Курбанов, 28 жаш, Алашан айылы, Ош облусу — жүргүнчү
  • Эльдияр Изимов, 25 жаш, Кенеш айылы, Ош облусу — жүргүнчү
  • Абдыкадыр Мамытов 37 жаш, Ноокат району, Ош облусу — жүргүнчү
  • Альсира Исманова, 14 жаш, Рухий Мурас конушу, Бишкек — жүргүнчү
  • Кылымбек Исманов, 12 жаш, Рухий Мурас конушу, Бишкек — жүргүнчү
  • Айнура Боронова, 26 жаш, Айры-Там айылы, Жалал-Абад облусу — жүргүнчү
  • Каза болгондордун сөөгү Кара-Балта шаарынын моргуна жеткирилди.

Автор: Улугбек Акишев