«Ата-Журт» отурумдарга келбеген депутаттардын тизмесинде биринчи орунда

Укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун жумушка келбеген депутаттар тууралуу маалыматтарына карагандаа «Ата-Журт» фракциясынын эл өкүлдөрү 2011-жылы Жогорку Кеңештин отурумдарына 80 жолу келишкен эмес. Депутаттар отурумдарды эч качан себепсиз түрдө калтырбай тургандыгын билдиришүүдө.

«Прецедент» өнөөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов 2011-жылы январь айынан ноябрь айына чейин парламент отурумдарына негизсиз түрдө келбеген депутаттардын тизмесин чыгарды.

Бул документке ылайык, Жогорку Кеңештин отурумдарын эңкөп калтырган депутаттар парламенттеги жалгыз оппозициялык «Ата-Журт» парртиясынынын депутаттары болгон.

Оппозициялык фракциянын депутаттары 79 жолу отурумдарга келбей коюшкан. Бул аталган убакыт ичиндеги бардык калтыруулардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Жалпысы болуп «Ата-Журттун» Жогорку Кеңеште 28 оруну бар.

Экинчи орунда «Республика» фракциясы турат. Андагы 23 эл өкүлү Жогорку Кеңештин жыйындарын 51 жолу калтырышкан.

Кыгызстандын социал-демократиялык партиясы (СДПК) жана «Ар-Намыс» партиясы 48 жана 47 жолу отурумдарга келбей, «республикачылдардан» кийинки орунда. Жогорку Кеңеште СДПКнын 26, «Ар-Намыстын» 25 эл өкүлү бар.

Баарынан аз «Ата-Мекендин» калтырган отурумдары аз болгон. Парламентте эң аз эл өкүлү бар аталган фракция бардыгы болуп 15 жолу отурумдарды калтырган.

СДПК фракциясынан Мамытбай Салымбеков 15 жолу, башкача айтканда баарынан эң көп отурумдары калтырган депутат болду.

Андан кийин «Ар-Намыстан» Анарбек Калматов жана «Республикадан» Курманбек Дыйканбаев келет. Булардын ар бири 11 отурумга келишкен эмес.

«Президенттикке талапкерлигимди коюп жаткам»

«Ата-Журт» партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев «Клоопко» берген интервьюсунда 2011-жылы сентябрь жана октябрь айларында президенттикке талапкерлигин коюп жатканы үчүн отурумдарга келбегендигин айтты.

Тизмеде Ташиев 10 жолу отурумарга келбегени көрсөтүлгөн.

2011-жылы президенттик шайлоодо «Ата-Журттун» башчысы 14,32 пайыз добуш алып, «Бүтүн Кыргызстандын» башчысы Адахан Мадумаровдон жана шайлоодо жеңип чыгып, Кыргызстандын президенти болгон, ал убактагы премьер-министр Алмазбек Атамбаевден кийин, үчүнчү орунга ээ болгон.

«Ар-Намыстын» депутаты Анарбек Калматов, Ташиев сымал эле, президенттикке талапкерлигин коюп жүргөнүн, ошондуктан сентябрь менен октябрда отурумдарга келбегенин айтты.

Калматов үчүн президенттик шайлоодо 12 миңден ашуун шайлоочу добуш берген, бул 0,71 пайызды түзгөн.

«1-сентябрдан 30-октябрга чейин президенттикке талапкерлигимди коюп жүргөм. Мен отурумдарга катышуудан бошотулгам », — деди «Ар-Намыстын» депутаты.

Башка себептер

«Ар-Намыс» фракциясынан Татьяна Левина Жогорку Кеңештин отурумдарын негиздүү себептер менен гана калтырганын айтып, 2011-жылы ден-соолугуна байланыштуу келбегенин маалымдады.

Левина үстүбүздөгү жумада да Президенттин алдында башкаруу академиясындагы сессиянын себебинен парламент жыйынына катыша албастыгын кошумчалады. Айтуусуна караганда колунда тиешелүү уруксаты бар.

«Балким, шаршемби же бейшемби күнү бир канча саатка жок болом. Менин аябай жоопкерчиликтүү сабактарым бар. Бул сабактарда менин илимий ишим аныкталат», — дейт депутат.

«Ата-Журт» фракциясынан Жылдызкан Джолдошева Жогорку Кеңештин отурумдарын эч качан калтырбастыгын айтты.

«Мисалы, мен, бир дагы отурумду калтырган эмесмин. Калтырган болсом, иш сапарында болгонмун», — дейт депутат.

Алардын фракциясынан негизинен беш депутаттын — Мыктыкбек Абдылдаев, Курманбек Осмонов, Курмантай Абдиев жана Хаджимурат Коркмазовдун жыйындарга катышарын кошумчалады.

Тизмеге ылайык отурумду бир жолу калтырган «Республика» фракциясынан Абдыжапар Бекматов Ноокат районундагы мониторингдин себебинен парламент жыйынына келбегенин билдирди.

«Ноокат районунда селден коргоочу дамбалар боюнча мониторинг жүргүзүп жатканбыз. Так эсимде эмес, бирок ушундай окуя болгон», — дейт Бекматов.

Регламент себептери

Жогорку Кеңештин аппараты 2012-жылы май айынын ортосунда укук коргоочуларга жумушка келбеген депутаттардын тизмесин соттошудан кийин берген.

Берилген тизмеге ылайык бардык депутаттардын отурумга келбегенинин негиздүү себептери бар болгон.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн тизмесин Жогорку Кеңештин регламентине ылайыкташтырып жасаган. Регламент боюнча негиздүү себеп катары төмөндөгүлөр эсептелиши мүмкүн:

  • Убактылуу эмгекке жараксыздык;
  • Кош бойлуулук жана төрөт себебинен дем алуу;
  • Эмгек акысыз дем алуу (үй-бүлөлүк жагдайар боюнча, никеге туруу, балалуу болуу, бала багуу, жакындарынан айрылып калган учурларда);
  • Окууга баруу, иш сапары, жазылуу түрдөгү чакыруу менен мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана башка иш-чараларга парламент жетекчилигинин уруксаты менен катышуу.

Укук коргоочунун айтуусунда «негиздүү себеп» деген себеп болушу мүкүн эмес. Мындай учурларда себептери көрсөтүлүшү керек.

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы