«Түрк аба жолдору» учактарында Кыргызстан жөнүндө кыска тасмаларды көрсөтөт

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Түрк аба жолдорунун» учактарында Кыргызстан жөнүндөгү жарнамалык тасмаларды көрсөтүү тууралуу макулдашты. Кыргызстандын Маданият министрлигинин пикири боюнча, бул өлкөбүзгө көбүрөөк туристтерди тартат.Туризм серепчиси баары тасманын сапатына көз каранды деп эсептейт.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча 30 мүнөткө созулган промо-фильм «Түрк аба жолдорунун» бардык эл аралык каттамдарында көрсөтүлөт.

Маданият жана туризм министринин орун басары Данияр Казаков «Клоопко» берген интервьюсунда авиакомпаниянын кимдин тасмаларын колдонгону жатканын билбешин жана минстрлик Кыргызстандын маданияты жана табияты жөнүндө «көптөгөн» видео тасмаларды берүүгө даяр экенин айтты.

Министрдин орун басары мындай тасмаларды Бишкек-Стамбул каттамынан башка каттамдарда да көрсөтүшсө, бул Кыргызстанга туристтерди тартууга жакшы таасирин тийгизерин белгиледи.

Анын ою боюнча, бул демилге эки тарапка да «пайдалуу» болгондуктан кыргыз тарап жарнаманын көрсөтүлүүсүнө акча төлөбөйт. Анткени, Кыргызстанга келүүнү каалагандар түрк авиакомпаниясынын кызматтарынан пайдаланышы мүмкүн.

«Түрк аба жолдорунун» Кыргызстандагы өкүлүнөн комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

«Кыргыз Концепт» туристтик агенттигинин менеджери Данияр Аманалиев аталган демилгеге жакшы баа берди. Бирок, ал эӊ оболу көрсөтүлө турган тасманын сапаты чоӊ роль ойной турганын белгиледи.

Аманалиев Маданият министрлигинин Кыргызстан жөнүндө жакшы жарнама тарта алышынан күмөн саноодо.

«Сиздер Маданият министрлигинин жакшы бир нерсе жасаганын көрдүӊүздөр беле?», — деп серепчи суроо түрүндө оюн билдирди.

Ал, мындан сырткары, тасмалар Бишкек-Стамбул каттамында эмес, башка өлкөлөргө каттаган учактарда көрсөтүлүүсү зарыл, деди.

Өкмөттүн билдирүүсү боюнча, түрк тарап өзүнүн видеотекасын учуу убакыттарында көрсөтүү үчүн кыргыз кинофильмдери менен толтурууну каалагандыгын билдирген.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы