Укук коргоочу өзүнө каршы УКМКдан «мамлекеттик сырды таратуу» боюнча иш козгоосун суранды

«Прецедент» өнөөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине өзүнүн үсүтнөн арыз менен кайрылды.

Токтакунов арызды өзүнө «көбүрөөк көңүл буруулары үчүн» жазганына ишендирип, мекеменин анын күнөөсүн далилдей албастыгын айтууда.

«Кылмыш ишинин алкагында көп жарыялар болот, көбүрөөк көңүл бурулат. Менин алардан УКМКнын бюджети эмне үчүн мамлекеттик сыр экенин билгим келет», — дейт Токтакунов.

Анын ою боюнча эл мамлекеттин эмнелерге акча каржар жатканын биле алышы үчүн бюджет «ачык болууга тийиш» жана мындай маалыматтардын сыр болуусу мамлекетке көбүрөөк залалын тийгизет.

«Анда айлык акылар, транспорттор жөнүндө маалыматтар бар, атайын операциялар тууралуу эмес! Түшүнөм, Борбордук чалгынчылык башкарма (ЦРУ) же Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) маалыматтарын сыр тутушат, анткени алар бүткүл дүйнө үчүн иштешет. А биздикилерчи? Бир шпионду да кармашкан эмес», — деп нааразы болду Токтакунов.

УКМКнын басма сөз кызматы укук коргоочунун арызын жетекчилик карап чыга элек экенин билдиришти.

Кымыш кодексинин 300-беренесине («Мамлекеттик сырды таратуу») ылайык, мыйзам бузуучуга эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Документти алуу аракеттери

Укук коргоочу 2011-жылы октябрь айында мамлекеттик комитеттен чыгашалардын сметасын жана бюджеттин долбоорун алууга аракет кылган. Бирок анын суроосу четке кагылып, мындай маалыматтын сыр болгондугу айтылган.

Токтакунов суроосу четке кагылгандан 5 ай өткөндөн кийин 2012-жылдын бюджетинин долбоорун ала алган – документ парламенттеги коомдук угууларда таратылып жаткан.

Укук коргоочу мамлекеттик комитеттин бюджетинин долбоорун өзүнүн жеке блогунда жарыялаган. Ага ылайык, мекемеге 2012-жылы 1 миллиард сом бөлүнүүдө.

УКМК бюджеттин тактыгын ырастай алган жок.

Токтакунов 2012-жылдын апрель айында өкмөткө документтерди сыр тутуу жөнүндөгү нормативдик-укуктук базаны кайрадан карап чыгуу тууралуу сураныч менен кайрылган.

Автор: Улугбек Акишев

Сүрөт: «Азаттык» радиосунун Интернет баракчасынан

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы