Кыргызстандын бийлиги «Манас» транзиттик жүк ташуучу борборунда банги заттарды текшерүүнү каалайт

Эл аралык «Манас» аба майданындагы транзиттик жүк ташуучу борбор Ооганстандан банги заттарды ташуу үчүн колдонулуп жатышы мүмкүн, жүктөрдү текшерүүгө алуу керек, деп Мамлекеттик банги заттарды көзөмөлдөө кызматы билдирди. Транзиттик борбордон жана АКШнын элчилигнен комментарий алуу мүмкүн болбой жатат.

Банги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Виталий Орозалиев АКШнын Кыргызстан аркылуу алып өтүп жаткан жүктөрүн кароону сунуштаганын бир эле убакта бир нече маалымат агенттиктери кабарлады.

«Бизге авиабаза аркылуу банги заттары алып өтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшүүдө»,— деп билдирген Виталий Орозалиев.

Ал мындай билдирүүсүн 5-июнь күнү парламентте жасаган.

Айтуусу боюнча, азырынча Кыргызстан жана АКШнын ортосунда Мамкызматка Транзиттик борбордун жүктөрүн текшерүүгө укук берген макулдашуу жок.

«Кабар» маалымат агенттиги Орозалиевдин «Транзиттик жүк ташуучу борбор тууралуу суроо чечилгенден кийин, биз дароо америкалык авиабаза аркылуу өтүп жаткан жүктөрдү текшерүү боюнча маселени көтөрүп чыгабыз», — деген сөзүнө шилтеме жасаган.

Америкалык авиабаза банги заттарды ташуу үчүн колдонулуп жаткандыгы жөнүндө малымат аты белгисиз болгон документалдык фильм аркылуу тараган.

«Манас» жүк ташуучу транзиттик борбору жана АКШ элчилигинен азырынча комментарий алуу мүмкүн болбой жатат.

«Манас» авиабазасы, азыркы транзиттик жүк ташуучу борбор 2011-жылдын декабрь айында ишке киргизилген.

«Манастын» өкүлдөрүнүн расмий билдирүүлөрүнө таянсак, транзиттик жүк ташуучу борбордун иши Ооганстандагы коопсуздукка салым кошууга багытталган. Анда Түндүк Атлантика келишими уюмунун (НАТО) күчтөрү «Талибан» ислам кыймылына каршы согушууда.

Автор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы