Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 5-июндан баштап, 24-сааттык күчөтүлгөн паспорттук режимге өтүштү. Айрым саясатчылар паспорттук режимдин кажети жок экендигин билдиришип, кээси зарылчыгы бардыгын айтышты.
2010-жылкы түштүктөгү этникалык кагылуушунун эки жылдыгына карата, шаардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн паспорттук режим киргизилүүдө. ИИБнин айтуусунда, айрыкча коңушу мамлекеттер менен болгон чек араларда, автовокзалдарда жана мечиттердеги жүргөн жарандардын паспорттору текшерилет.
Ошондой эле күнү-түнү менен шаардыктардын коопсуздугу үчүн 12 оперативдик топ иштөөдө.
«Өздүгүн аныктоо үчүн [жарандарга] паспортун алып жүрүүнү сунуш кылабыз. Ар кимди эле паспортуң кана деп желкелей беришпейт [милиция кызматкердери]. Өздөрү карайт шектүү элементтер болсо анан карашат [...]. Таза адамдар коркпой эле койсо боло берет», —деди басма сөз кызматчысы Замир Сыдыков.
Паспорттук режим кайсы убакытка чейин узартылаары азырынча белгисиз.
Саясатчы Марс Сариев тышкы күчтөрдү чыр-чатактарга жол бербөө үчүн күчөтүлгөн паспорттук режим керектигин айтты.
“Кооптонуш мүмкүн, бирок паспорттук режим киргизгенге айла жок. Ошолор [чет элдик] тышкы оюнчулар [чыр-чатакты] баштап жиберет деп чочулайт да, биздин органдар”, —деди Сариев.
Ал эми саясатчы Марат Казакпаев Ош шаары “стабилдүү” болгондуктан паспорттук режимдин киргизилүүсүн туура деп ойлобойт.
“Режимди киргизбей деле койсо болмок. Эми Ош тынч эле да стабилдүү эле [...]. Менин оюмча бул туура эмес. Туура, оор абал бар, бирок саясий чыр-чатак жок да. Менин оюмча киргизбей эле койсо болмок”,—дейт Казакпаев.
Жергиликтүү эл
Ош шаарынын жашоочусу Жаркынай жакын арада милиция кызматкерлери паспортун текшергенин айтты. Азыр дайыма документтинин көчүрмөсүн жанында алып жүрөт.
“Эми кимгедир коркунучтуу, ар ким ар нерсе сүйлөп жатышат [ушактарды]. Мен паспортту алып жүрбөйм, көчүрмөсүн алып жүрөм”,—деди ал.
Ал эми Саидахан этникалык кагылышуунун эки жылдыгына карата коркунуч бар экенин айтып мындай текшерүүлөргө жакшы көз карашта экендигин билдирди.
“Паспорттук режим болсо жакшы, мына биз паспортубузду да сөзсүз алып жүрөбүз, кечээ уктум сүйүндүм, албетте жүрөгүбүздө коркунуч бар”,—дейт жашоочу.
Бирок шаардын тургуну Кадыр Аширбаев паспорттук режимге терс көз карашта муну менен милиция элди тынчсыздандырып жатканын билдирди.
“Элди карап туруп эле билсе болот да, кандай экенин. Жок жерден чыгара бергендин [паспорт текшерүүлөрдү] кереги жок да. Элди тынч коюш керек, тынч эле жашап жатабыз”,—деген оюн айтты Аширбаев.