Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде рекорддук төмөн орунга түштү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясынын июндагы рейтинги боюнча 206 мамлекеттин арасынан 196-орунга түштү. Бул өткөн айдын көрсөткүчүнөн бир орунга төмөн. Республиканын футбол федерациясы муну команданын таймаштары болбой жатканы менен түшүндүрдү.Кыргызстан Футбол ассоциацияларынын эларалык федерациясынын (ФИФА) июндагы рейтинги боюнча Кука аралдарынын курама командасын алдына өткөрүп, бир орунга төмөндөдү.

Азыркы тапта кыргызстандык команданын рейтингде 24 упайы бар. Бул көрсөткүч 2012-жылдын май айындагыдан 5 упайга аз.

Кыргызстандын футбол федерациясы мындай төмөндөөгө командабыздын турнирдик жана жолдоштук оюндарынын болбой жатканы себеп болгонун айтты.

Кыргызстандык команданын акыкы жолдоштук матчы июнь айынын башында Казакстан менен өткөн. Анда казакстандыктар Кыргызстанды 5:2 эсеби менен жеңишкен.

Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов аталган оюндун кыргызстандык курама командасынын төмөндөшүнө себеп болгон жок, тескерисинче «азыркы орунда калганга» жардамы тийди, деп эсептейт.

Анын айтымында федерация күзгө жакын Казакстан курама командасы менен жолдоштук таймаш өткөргөнү жатат.

Асенов 2012-жылдын август жана сентябрь айларында башка мамлекеттердин катышуусу менен турнир өткөрө тургандыгын кошумчалады.

«Биз бул турнир Кыргызстандын аталган рейтингдеги ордун жогорулатат деп ишенебиз», — деди Асенов.

Кыргызстандын эң бийик көрсөткүчү 2006-жылдын август айында болгон. Анда курама командабыз 118-орунга жетишкен.

ФИФАнын рейтингиндеги упайлар курама команданын өткөргөн таймаштарынын натыйжаларына, оюндун маанилүүлүгүнө, атаандаштардын күчүнө, атаандаштардын футболдук конфедерацияларынын орунуна карап аныкталат.

Рейтингде бардыгы болуп 206 өлкө көрсөтүлгөн. Алардын арасынан биринчи орунда Испания, ал эми акыркы орунда Тёркс жана Кайкос турат.

Сүрөттүн автору: ELF

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы