Сот өкмөттү укук коргоочулардын мамлекеттик сыр саясатын өзгөртүү жөнүндө сунушуна жооп берүүгө милдеттендирди

Өкмөттүн өкүлдөрү сот тууралуу маалымат келип түшпөгөнүн билдиришип, отурумга эки жолу келбей коюшкан. Бишкектин райондор аралык соту бийликти укук коргоочулардын мамлекеттик органдарынын маалыматтарды жашыруу саясатын өзгөртүү боюнча сунушун карап чыгууга милдеттендирди.

«Прецедент» өнөөктөштүк тобунун юристи Нурбек Токтакунов 6-июнь күнү Өкмөттүн аппаратына каршы сот ишин утуп алды.

«Мен өкмөттөн маалыматтардын жашыруун болушу керектигин серепчилер тарабынан аныкталышын талап кылдым. Ошондуктан өкмөт нормативдик-укуктук актыларга «Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө» мыйзамга ылайык болгон тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек», — деди укук коргоочу.

Өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү сот отурумуна эки жолу келбей коюшкан. Аппараттын юридикалык бөлүмүнүн кызматкери «Клоопко» берген интервьюсунда сот тууралуу маалымат аларга келип тушпөгөнун айтты.

Бишкек райондор аралык соту Жыргал Нурумбетовдун өкүм чыгарган жардамчысы өкмөттүн бул чечимге бир айдын ичинде даттануу мүмкүнчүлүгү бар экенин «Клоопко» билдирди.

Токтакунов мартта УКМКнын бюджетин жарыялаган. Укук коргочу бул маалыматты парламенттеги ачык уктуруулардан алганын айткан.

Ал мамлекеттик органдар бюджети тууралуу маалыматтарды берүүго милдеттүү деп эсептейт.

«Акылы бар адамдардын бардыгы мындай маалыматтын жарыялануусунан эч кандай кооптонуу болушу мүмкүн эместигин түшүнүшөт», — деген Токтакунов.

Редактор: Зарема Султанбекова

Сүрөттүн автору: s_falkow

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы