Автоунааларды каттоодон өткөрүү беш эсеге арзандайт

Өкмөт унааларды каттоодон өткөрүү кызматынын баасы төмөндөп, ишеним каттын баасына жакындатыларын билдирүүдө. Мындай чечим башкы ишеним кат автоунааны башкаруу үчүн керектүү болгон документтердин катарынан чыгарылгандан кийин кабыл алынган.

11-июнь күнү автоунааны каттоодон өткөрүү беш эсеге арзандайт, деди өкмөт мүчөсү Егор Скобеев.

Азыр каттоонун баасы кыймылдуу мүлккө коюлган салыктын беш пайызын түзөт. Мындан кийин унаа ээлери бир гана пайыз төлөй турган болушат.

Кыймылдуу мүлктүн салыгы автоунаанын чыккан жылы жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша аныкталат.

Скобеевдин айтымында, каттоонун орточо баасы мурда алты миң сомду түзчү.

Ал каттоонун баасын төмөндөтүү автоунаа ээлери транспорттук каражаттарын өзүнүн атына каттатуусу үчүн керек экендигин белгиледи. Себеби, жакында өлкөдө фото жана видео көзөмөлү орнотулат жана айып пулдар автоунаа кимге катталган болсо, ошол адамга жазылат.

«Сиз 10-20 унаа саткан болушуңуз мүмкүн, айып пулдар сизге келе берет. Сиз ал унаалардын ээси эмес болсоңуз, бул сиздин кызыкчылыгыңыздын корголуусуна тоскоол болот», — дейт Скобеев.

Жол кыймылы коопсуздугунун башкы башкармасынын башчысы Талант Исаев Бишкекте 300 видеокөзөмөлдөөчү камера орнотулганы жатканын билдирди. Бирок, ал орнотуу мөөнөтүн так айта алган жок.

Автоунаага ээлик кылуунун жаңы эрежелери жөнүндө өкмөттүн токтомуна ылайык, 2012-жылдын 1-августунан тарта айдоочулар жанында айдоочунун күбөлүгүн, техникалык паспорт жана кыймылдуу мүлк салыгын төлөгөндүгү тууралуу кагаз алып жүрүүсү керек.

Салык кодекси боюнча, азыркы учурда, бир сантиметр куб кыймылдаткыч үчүн айдоочу 0,45тен 0,90 сомго чейин төлөөсу зарыл. Жүк ташуучу унаалар, автобус жана микроавтобустар 0,3тон 0,75 сомго чейин төлөшөт.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Сүрөт: Эльер Нематов

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы