Кыргызстандын бийлиги 2010-жылы түштүктөгү улуттар арасы чыр-чатакты адилеттүү түрдө иликтей алган жок, деп “Эл аралык Амнистия” укук коргоочу уюму билдирүүдө. Өлкө жетекчилиги каргашалуу окуяларды иликтөө иштери уланууда, деп айтууда.
Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуулардын эки жылдыгында эки күн калганда “Эл аралык Амнистия” укук коргоочу уюму 2010-жылы тополоң убагында жасалган кылмыштарды тергөөнүн жыйынтыгы боюнча брифинг өткөрдү.
Уюмдун билдирүүсү боюнча, кыргызстандык бийлик Ош жана Жалал-Абаттагы улуттар аралык тополоң учурунда жасалган кылмыштарды “адилеттүү түрдө” изилдей алган эмес.
“Кыйноо, зордуктоо жана өлтүрүүнү өзүнө камтыган адамдзатына каршы кылмыштар жазасыз калды”, — деди “Эл аралык Амнистиянын” серепчиси Мэйси Вэйчердинг.
Вэйчердинг, кагылышууга кыргыз жана өзбек улутундагылардын өкүлдөрү катышканы менен, өзбек тарап “көбүрөөк жаракат алган жана өлүмгө кабылган”, деп белгиледи.
Алардын отчетунда Кыргызстан адилеттүү жана эффективдүү тергөөнү камсыз кылыш керек деп айтылат. Аталган уюм эл аралык коомчулукту кыргыз бийлигине каржы тапаптан жана техникалык колдоо жүргүзүүгө чакырган.
“Сепаратисттердин провокациялары “
Кыргызстандын бийлиги үстүбүздөгү жылдын февраль айында улуттар арасы тополоңду иликтөө жана хронологиясын түзүү үчүн жумушчу тобун түзгөн. Мамлекеттик серепчилердин баяндамасы бул жылдын июнь айында массалык маалымат кызматтарына таратылган.
Документте кыргыз жана өзбек улутундагылардын арасындагы чыр-чатак төңкөрүлгөн президент Курманбек Бакиевдин жакындары, Оштогу озбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровго кошулган “радикалдуу” сепаратисттер тарабынан баштатылганы айтылган.
Мамлекеттик топ, Батыров өзбек улутундагыларды бийликти алмаштырууга жана Кыргызстандын аймагында автономия курууга чакырган.
Серепчилер Батыровдун Жалал-Абадда жана Ош облусунун Карасуу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы сүйлөгөн сөздөрүн мисал катары көрсөтүшкөн.
Жумушчу топ “Эгер Убактылуу өкмөттүн өлкөдө тартип орноттуга жана элдин ишеничин актоого күчү жетпесе, биз бул бийликти кулатабыз”, — деген сөздөрүн белгилеген.
Батыров болсо, Би-би-си радиосуна берген интервьюсунда чыр-чатак өзбектерге каршы чыгарылганын айткан.
«Жаны Ордо» гезити, Батыровдун «Мен Кайраккумда жүргөндө Атамбаевге жолуккан адамдар 20-июль күнү мага келип, бардыгы кандай болгонун айтып беришти. Биз, өзбек лидерлери баарыбыз ошол жакта болгонбуз. Эми күнөөнүн баарын бизге оодарышып, Ош окуяларын өзбек лидерлер баштады деп жатышат», — деген сөздөрүн Британиялык берүү копрорациясына шилтеме жасоо менен белгиледи.
«Атайын кызматтардын» кылмыштарга катышы
“Эл аралык Амнистия” кыргызстандык милиция өзбек улутундагыларды куугунтуктап, үй-бүлөлөрдү кылмыш иши менен коркутуп, алардан акча талап кылып жатат, деп жазган.
«Иликтөөлөр» кандай өткөрүлсө да, бир тараптуу болушкан, ал эми соттук териштирүүлөр эл аралык сот адиеттигине ылайык өткөн эмес», — деп билдирүүдө аталган уюм.
Укук коргоочу уюмдун маалыматы боюнча, 2010-жылдагы кыргызстандын түштүгүндө өзбек жана кыргыздардын ортосунда чыккан тополоңго атайын кызматтар катыштуу болгон.
Эл аралык Амнистия” өзүнүн отчетунда жергиликтүү эркин байкоочулар «күтүлбөгөн жерден пайда болгон зомбулуктун» тышында, өзбектерге каршы кээ бир кылмыштар «кылдаттык менен» пландаштырылганын бидиришкенин жазган.
«Байкоочулар кылмыштардын кээ бирлерине аскер күчтөрү тартылганын айтышууда. Алардын айтымында, жергиликтүү чиновниктер кыргыздардан курулган топторго куралдарды таратышкан жана укук коргоо органдары өзбектерге каршы кол салууларды токтотууга аракет кылышкан эмес», — дейт аталган уюм.
Жумушчу топ өз баяндамасында кыргыз тараптын куралдарынын кайдан келгени прокуратурага белгилүү жана курал таратуу фактысы боюнча кылмыш иштери козгогон, деп айтылат. Ошол эле убакта бул куралдардын кайдан пайда болгону такталган эмес.
Баяндамада, ошондой эле, өзбек калкынын куралдары кайдан келгени белгисиз жана курал таратууга «үчүнчү күчтөрдүн» катышы бар болушу мүмкүн, деп айтылат.
Оштогу жана Жалал-Абаддагы улуттар арасы чыр-чатак 2010-жылдын июнь айында чыккан. Төрт күндүн ичинде өзбек жана кыргыз улутундагылардын арасында кагылышуу болгон.
Түштүктөгү окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн Мамлекеттик жумушчу топтун акыркы маалыматтары боюнча, 2010-жылкы кагылышууда 442 адам каза тапкан. Алардын 70 пайызын өзбек улутундагылар түзгөн.
Авторлор: Улугбек Акишев жана Эльдияр Арыкбаев
Сүрөттүн автору: Аскар Акталов
Которгон: Нураида Абдыкапар кызы