Түркия кыргызстандык учкутарды «Боинг» үлгүсүндөгү учактарды башкарууга үйрөтөт

Кыргызстан Түркия мамлекети менен кыргызстандык авиаторлорунун даражасын жогорулатуу жөнүндө макулдашууда. Бишкектеги учкучтардын коледжинин башчысы бийликтин мындай демилгесин колдойт.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Түркиянын вице-премьери Бекир Боздаг менен кыргызстандык учкучтарды жеңилдетүүлөр менен окутуу тууралуу маселени талкуулады. Азыр эки өлкөнүн арасында оозеки келишим бар, алар зырынча жазуу түрүндө бекитиле элек.

«Түрк аба жолдорунун» Кыргызстандагы өкүлү Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин ортосунда мындай келишим бар экенин ырастады, бирок мындан башка комментарийлерден баш тартты.

Жарандык авиация агенттиги, өлкөлөр келишимге кол койгондон кийин, «Кыргызстан» авиакомпаниясы өзүнүн учкучтарын даражасын жогорулатууга жөнөтө тургандыгын маалымдады.

Учкучтарга «Боинг» жана «Аэробустарды» — дүйнөдөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу эн чоң учактарды башкарууну үйрөтүшөт.

Бишкектеги учкучтардын коледжинин башчысы Рахимбек Даировдун билдирүүсүнө караганда Кыргызстанда студенттерди АН-2 учактарын башкарууну окутушат – өкмөт бул учактар менен 2012-жылдын башынан бери жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салган.

Аталган коледждин бүтүрүүчүсү Нурбек Алимов Түркияда окуу үчүн документтерин даярдап жатат. Анын айтымында, эл аралык каттамдарда учууга уруксат бере турган коммерциялык учкучтун күбөлүгүн алуу үчүн 60 саат учуусу керек.

«Түркияда окуудан өткөндөн кийин бериле турган учкучтук даража тууралуу күбөлүгү Европада жарактуу болот, башкача айтканда эл аралык күбөлүк болот», — дейт учкуч.

Которгон: Нураида Абыкапар кызы