Кыргызстандын бийлиги Транзиттик жүк ташуучу борборунда банги заттарды текшергени жатканын четке какты

Банги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Виталий Орозалиев «Манас» транзиттик жүк ташуучу борбордогу жүктөрдү банги заттарды текшерүүнү сунуштаганын четке какты. «Манастын» өкүлдөрү жүктөр ансыз деле америкалык бийлик тарабынан текшерүүгө алынат, деп ишендирүүдө.

Мамлекеттик кызматтын башчысы Виталий Орозалиев «Клоопко» берген интервьюсунда 5-июнда парламенттеги сөзүндө «Манас» транзиттик жүк ташуучу борборунун жүктөрүн текшерүүнү сунуштаган эместигин айтты.

«Мен сунуш киргизген жокмун. Биз муну базанын жаңы стасусунда колдонулуучу чаралардын бири катары белгилеп жатканбыз», — дейт мамлекеттик кызматтын башчысы.

Орозалиев 2014-жылга чейин, башкача айтканда «Манас» транзиттик борборунун ижара мөөнөтү бүткөнгө чейин жүктөрүн текшерүүнү эмес, америкалык бийлик менен кийинки келишимге жүктөрдү текшерүү жөнүндө берене кошууну сунуш кылганын билдирди.

Кыргызстан менен АКШ мамлекетинин ортосунда Банги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматына транзиттик борбордун жүктөрүн текшерүүгө укук берген келишим жок.

Аталган мамлекеттик кызматтын аппаратынын жетекчиси Тимур Мадяров, маалымат агенттиктери башчысынын айрым сөздөрүн кесилип алып, кыргызстандык бийлик жүктөрдү банги зат текшершерүүсөн өткөрүү ниети тууралуу жаңылык жарыялашкан.

«Негизги мааниси башкача жорулган, маселенин чын мааниси берилген эмес, биздин жүктөрдү текшерүүнү сунуш кылганыбызды сөздөрдөн кесип алып маалымдашкан. Чынында, биз андай кылган жокпуз», — деди Мадяров.

«Манас» транзиттик борборунун коомчулук менен байланыш бөлүмү транзитттик жүк ташуучу борбору аркылуу өткөн жүктөрүнүн бардыгы атайын жабдуулар менен банги зат текшерүүсүнөн өткөрүлөрүн билдирди.

«Жүктөр сканердин жардамы менен 100 пайыздык текшерүүдөн өткөрүлөт жана алардын бир чейреги АКШнын бажы кызматы тарабынан кол менен текшерилет», — деп «Манас» транзиттик борборунун жообунда жазылган.

Транзиттик борбордун маалыматы боюнча «Манас» аркылуу бир айда 13 миллион фунт [6 миң тонна] жүк өткөрүлөт.

Алардын негизги бөлүгүн аскер кызматындагылардын жеке куралдары жана кийимдери түзөт. Алар же Ооганстанга жөнөтүлүп, же кайра келип жаткан болот.

Американын «Манас» базасы, азыркы транзиттик жүк ташуучу борбор 2001-жылдын декабрь айында ишке киргизилген.

«Манастын» өкүлдөрүнүн расмий билдирүүлөрүнө караганда транзиттик жүк ташуучу борбордун иши Ооганстандагы коопсуздукка салым кошууга багытталган. Анда Түндүк Атлантика келишими уюмунун (НАТО) күчтөрү «Талибан» ислам кыймылына каршы согушууда.

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы