«Место Д» театрынын көз карашында «кыз алып качуу» маселеси

Кыз алып качуу тууралуу сот-спектакль кыргызстандын шаарлары боюнча турун аяктады. Артисттер кыргызстандыктардын каалоосуз турмушка чыгуу маселесине көз карашын искусствонун жардамы менен өзгөртүүгө үмүт кылышат.

«Место Д» театр-клубунун чыгармачыл тобу Каракол, Токмок жана Талас шаарларынын тургундарына алып качуу жолу менен турмушка чыккан кыздын өз жанын кыйуусу жөнүндө баян көргөзүштү.

Театрдын башчысы Александра Багдасорованын айтуусу боюнча Кыргызстанда кыз алып качуу маселеси аябай актуалдуу жана күнүмдүк турмушта бардык жерде кездешет.

Бир нече жыл мурун ПРООНдун бир долбоору менен биргеликте театрдын эмгек жамааты Бишкекке жакын жайгашкан айылдардын биринде 10-класстын окуучуларына тренинг өткөргөн.

«Кыздар менен маектешкенден кийин, аларды 10-класстан кийин бирөө алып качып кетеби же кетпейби дегенден башка эч нерсе кызыктырбаганын түшүндүк. Демек, бул жашта алып качып кетише элек болсо, жашоо бүттү деп эсептелет. Бул бизди таң калтырды, себеби ал айыл Бишкектен анча деле узакта жайгашкан эмес, маршруттук унаа менен 20 мүнөттүк гана жол», — деди Багдасарова.

«Ала-качуу» спектаклында соттор ким? ким күнөөлүү? сыяктуу суроолор бар. Ошондой эле,– А сен соттойсунбу? Кимди соттойсун? Өзүңдү соттойсуунбу? Сен күнөөлүүсүнбү же аксынбы? деген көрүүчүгө түз кайрылуулар да орун алган.

Ал, көрүүчүлөр спектаклды жакшы кабыл алышты, болуп жаткандын барыгынан тасирленип, провокациялык суроолорго жооп берип жатышты, деп кошумчалады. Анын айтымында, актрисалардын бирөөсүнүн – кыздар аларды ала качып кетүүсүн самаганбы – деген суроосуна кээ бири «ооба» дешсе, кээ бири «жок», деп жооп беришти.

Теартдын жетекчиси Караколдогу эл алдына чыгуу өздөрү үчүн да мыкты болгонун айтты.

«Тур убагында университеттин тушунда туруп, эшиктен чыгып жаткан студент кыздарды көрдүм. Алардын бири кош бойлуу, экинчиси да, үчүнчүсүнүн ымыркайы бар экен. Бардыгы эле ошондой! Алардын баары жоолукчан болгону менен бирөөнүн да колунда нике шакеги жок экен. Демек, алар никесин каттоодон өткөргөн эмес. Мындай учурда, статистикага ылайык, өлкөбүздүн Түндүгүндө кыздарды ала качуу көп экени ойго келет», — деди Багдасарова.

«Спектаклди көргөндөн кийин, эч болбогондо бир нече адамдын тагдыры өзгөрөрүнө, балким кандайдыр бир жашоо принциптери алмашарына ишенгибиз келет. Искусствонун иши ошондон турат», — деп кошумчалады Багдасарова.

Аталган спектакль Улуттук кызыл жарым ай коомунун «Кыргыз коомчулугунда аялдардын ролун жана социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу» программасынын бир бөлүгүн түзөт.

«Место Д» —2008-жылы искусство институнун алты студенти тарабынан түзүлгөн театр-клуб. Азыр оюндарына чакырылган актёрлор катышууда. Жалпысынан труппа 10 адамдан турат. Театрдын көркөм жетекчиси – Сергей Лысенко.

Театрдын көрсөткөн оюндарында сөзсүз түрдө интерактив элементи – көрүүчүнү диалогго чакыруу бар.

Театрдын бир нече багыты бар: чыгармачыл, социалдык оюндар, мастер класстарды, жана тренингдерди өткөрүү.

Авторлор: ELF жана Света Зеленская

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы