Ош окуялары: бардык тараптардын пикирин камтыган баяндама чыкты

Орусиялык укук коргоочу “Мемориал” борборунун 2010-жылдагы этностук кагылышуунун хронологиялык отчету жарык көрдү. Серепчилердин айтымында, баяндама “бардык тараптардын пикирин” камтыйт.

2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн этностук кагылышуу боюнча “Мемориал” борборунун укук коргоочусу Виталий Пономарёвдун жетекчилигинде жазылган хронологиялык отчет 26-майда жарык көрдү.

Отчет “Мемориал” укук коргоочу борбор, америкалык “Фридом Хаус” уюму жана Норвегиялык Хельсинки коммитетинин колдоосу менен даярдалган.

“Окуянын хронологиясын толук менен реконструкциялайбыз деп айта албайм. Бирок, биздин отчет кийинки изилдөө иштерине негизи боло алат деп ишенебиз”, — дейт Пономарев.

Укук коргоочу “Клоопко” берген маегинде баяндаманын Жалал-Абад облусу боюнча хронологиясы да кийинчерээк басылып чыгаарын кабарлады.

Оштогу хронология 15-июнь менен токтоп калганына карбастан, кийинки окуялар боюнча маалыматтар талданып, басылып чыгат деп кошумчалады.

“Окуялар боюнча баа берели деген эмеспиз, баяндамада берилген факты жана карма-каршылыктардан окурман өзү бүтүм чыгарсын”, — дейт укук коргоочу.

Баяндаманын үстүндө иштөө 2010-жылдын июнь айында башталган. Укук коргоочулар 300дөн ашуун адам менен маектешип, ар кайсы басылмаларда, интернет-баракчалардагы жазуулар жана каттар анализге алынган.

Окуялардын хронологиясын так чагылдыруу үчүн “Хьюман Райтс Уотч” сыяктуу эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочу уюмдардын баяндамалары, мамлекеттик жана өкмөттүк документтер талданып чыккан.

Баяндамада Ош окуяларынын төрт күндүк — 11-июндан 15-июнга чейинки мөөнөттүн хронологиясы берилген. Коогалаңдын негизги очоктору жана шаардын көчөлөрүндөгү окуянын өнүгүшү деталдуу баяндалган.

Серепчилердин пикири

“Кылым шамы” укук коргоочу борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова баяндама “нейтралдуу” жазылгандыгын белгилеп өттү.

“Бирок баяндама июнь окуяларын толугу менен чагылдырат деп айта албайм, анткени төрт күндүк эле — 11-июндан 14-июнга чейинки — хронологияны гана камтыйт. [...] баяндамада Жалал-Абаддагы окуялара берилген эмес”, — деп “Клоопко” берген маегинде айтты.

Абдирасулова отчет тергөө иштеринде “ак тактарды” толуктоо үчүн укук коргоо органдарына колдонмо боло алат деген оюн ортого салды.

“Эгалите” коомдук фондунун директору жана саясат таануучу Татьяна Выговская да баяндама “бардык тараптардын пикирлерин” камтыганын белгиледи.

“Бирок, баяндаманын чыгышын коомчулук терс кабыл алды, — дейт Выговская — анткени июнь окуяларынан кийин бизде “отчетомания” башталган, ошондуктан чыккан жаңы баяндамалардын баарын терс кабыл алышат”.

Баяндама илимий изилдөө болгондуктан, ал атайын адистерге пайдалуу болоорун белгилеп өттү.

Мурунку баяндамалар

“Мемориалдын” баяндамасы эл аралык уюмдар тарабынан түзүлгөн биринчи отчет эмес.

Эл аралык укук коргоочу “Хьюман Райтс Уотч” уюму алгачкылардан болуп 2010-жылдын августунда Ош окуяларынын хронологиясын берип, коогалаңдын себептерин жана жыйынтыктарын анализге алган.

Атайын түзүлгөн эл аралык көз карандысыз комиссия 2011-жылдын апрель айында өзүнүн баяндамасынын тартуулап, баяндама Өкмөт тарабынан катуу сынга алынган. Комиссияныны жетекчиси финляндиялык саясат таануучу Киммо Кильюнен “персона нон-грата” катары жарыяланып, өлкөгө киришине тыюуу салынган.

Жергиликтүү баяндамалардан алгач Кыргыз Республикасынын акыйкатчынын көз карандысыз комиссиясынын отчетту 2011-жылдын январь айында жарыяланган.

Өкмөт тарабынан атайын түзлүгөн Улуттук комиссиянын баяндамасы бир апта соң Жогорку Кеңештин талкуусуна чыгарылып, депутаттар эле эмес, укук коргоочулар тарабынан да катуу сынга алынган.

Эки баяндамада тең коогалаңдын уюштурулушунда Бакиевдердин кланы жана өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыров айыпталган.

Сүрөттүн автору: Аскар Акталов