2010-жылдагы этностук кагылышууда курман болгондорду эскерүү митинги өкмөттүн кетүүсү тууралуу талаптар менен аяктады

Эскерүү митингинин катышуучулары экспертизаны токтотулушун, 2010-жылдагы этностук кагылышууда курман болгондордун сөөктөрүн көмүүнү талап кылышууда. Тергөөлөрдүн аятоосу, күнөөлүүлөрдүн жазалануусу жана бийликтин кетүүсү – нааразычылк көрсөткөндөрдүн талаптарынын дагы бир бөлүгү.

Расмий билдирүүлөр боюнча 442, расмий эмес маалыматтар боюнча 1500 адамдын өмүрүн алып кеткен Кыргызстандын түштүгүндөгү этностор аралык кагылышуу убагында курман болгондорду эскерүүгө Ала-Тоо аянтына 200дөн ашык адам катышты.

Митингдин катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевден жана Жогорку Кеӊештин депутаттарынан премьер Өмурбек Бабанов баш болгон өкмөттү жана башкы прокурор Аида Салянованы кызматынан кетирүүнү талап кылышты. Алардын ою боюнча аталган саясатчылар кагылышуунун изилдөөсүнүн негизинде «ийгиликсиз» баяндама тузгөн.

«Бардыгы билишет, убактылуу өкмөт Ошто жана Жалал-Абадда өзүнүн адамдарын кызматка орнотууга аракеттенип жатышкан. Ошентип портфель үчүн күрөш жүрүп жаткан убакта, мындай кан төгүүлөр болду», — дейт эскерүү акциясынын уюштуруучуларынын бири Тилек Исаев.

Митингдин катышуучуларынын бийликтегилерге бир катар талаптары болду:

  • кыргызстандыктардын денелеринин экспертизаларын токтотуу, азыркы тапта кагылышууда курман болгондордун денелери Оштогу моргго жайгаштырылган;
  • 2010-жылы бийликте болгон убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сот жоопкерчилигине тартуу;
  • Өкмөттү жана башкы прокурорду кызматтынан кетирүү;
  • Кыргызстандын түштүгүндөгү этностор аралык кагылышууга күнөөлүүлөрдү табуу.

Катышуучулар өкмөттүн иштерине нааразы болгондор менен биргеликте митинге чыгабыз, деп коркутушууда. Алар нааразылардын арасына насыяларын төлөй албай жаткан карыз ишмерлерди, каржы полициясынын кызматчыларын жана Элдик курултай кыймылынын өкүлдөрүн киргизишүүдө.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кандай гана көз караш болбосун, алар бар болууга укуктуу экенин айтты.

Башкы прокуратура 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялардын уюштуруучусу жана күнөөкөрү деп атаган Курманбек Бакиевди азырынча Белоруссиядан экстрадициялоого мүмкүн болбой жатат.

«Белоруссиянын президенти Лукашенко бийликтен кетмейин, Кыргызстан Бакиевди ала албайт, себеби ал биздин Бакиевди экстрадициялоо боюнча сунушубузду четке каккан» — деди басма сөз катчы.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров «Клоопко» берген интервьюсунда өкмөт Ош жана Жалал-Абаддагы каргашалуу окуяларды изилдөө боюнча парламент депутаттарынын 9-июндагы токтомун аткарып жатканын айтты.

«Бул жасалган иштер тууралуу отчет эмес, парламенттин кеӊештери боюнча отчету», — дейт Каназаров.

2010-жылдагы этникалык кыргыздар жана өзбектердин ортосундагы кагылышуу расмий билдирүүлөр боюнча 442 адамдын өмүрүн алып кеткен.

«Эл Аралык Амнистия» укук коргоочу уюму мамлекет жетекчилигинин аталган кагылышууну изилдөөсун “ийгиликсиз” деп атаган.

Азыркы бийлик бир нече ирет бул кагылышууну Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү, Кадыржан Батыров жана кандайдыр бир «үчүнчү күчтөр» чыгарды, деп айыптаган.

Батыров жана Бакиев өздөрүнүн түштүктөгү кагылышууга катыштуу экендигин четке кагышуда.

Сүрөттүн автору: ELF

Авторлор: Улугбек Акишев, Алексей Ким жана Бермет Иманалиева

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы