Алай районунда: Үч айылдын суу маселесин чечүү үчүн каналдын реконструкция иштери башталат

Алай районунун Гүлчө, Коңур-Дөбө жана Корул айыл округдарында каналдан агып чыккан сууну толугу менен жеткирип берүүчү каналды кайра куруу иштери, ушул жылдын август айынын акырына чейин аяктоосу пландаштырылууда.

Күңгөй каналынын узундугу 900 километр, ал райондун үч айыл өкмөтүнүн айдоо жерлерин кесип өтөт. Жаздан бери бат-баттан жаан жаагандан улам, Курманжан-Датка айылындагы сегиз кокту-колоттон сел түшүп, каналдын суусу борбордук жол тарапка жайылып кеткен. Натыжайда, калган айыл округдарына суу жетпей калган учурлар болууда.

Мындай көрүнүш калк арасында суу талашуу маселесин жаратууда.

Курманжан-Датка айылынын айыл башчысы Акылбек Камбаровдун айтуусунда, каналды кайрадан куруунун негизги себеби – айдоо аянттарын кокту-колоттон түшкөн селден сактап калуу.

“Кичине дыр деген жамгыр жааганда эле баягы [сел] келип каналды басып калып жатат да”,—деди Камбаров.

Корул айылдык округунун Биринчи май айылынын айыл башчысы Максатбек Арзиевдин билдирүүсүндө, сел жүргөн кезде каналдын боюндагы борбордук көчөнү суу каптап кетүү коркунучунда.

Ошондой эле Арзиев оңдоп-түзөө иштери май айында башталышы керектигин айтып, бирок курулуш материалдары азырынча бериле электигин билдирди.

“Бизге каражатты, анын ичинде цемент, бетон, арматура, зым жана башка материалдарды алып келип беребиз деп убада берген, бирок азырынча алып келе элек”,—деп айтты айыл башчы.

Каналды оңдоп-түзөө долбоорунун координатору Максат Патаев суу маселесин чечүү үчүн чыр-чатактарды алдын алуу жана тынчтыкты ортнотуу «TASK» бейөкмөттүк альянсы 5 миллион сом каражат бөлүп бергенин кабарлады.

“Жылдын башында сел келип каналдын башын тосуп калып, элге суу жетпей, суунун айынан эл арасында талаш маселелер жүргөн. Канал августтун этегине чейин курулат”,—дейт Патаев.

Авторлор: Кадича Рыскулова жана Нуржамал Мураталиева

Редактор: Айзат Шакиева