Россиянын жараны «мыйзамсыз түрдө курал сактаганы» үчүн соттолду

Бишкек Биринчи май райондук соту россиялык Тахир Карасовду «мыйзамсыз курал сактаганы үчүн» төрт жылга эркинен ажыратты. Ал 2012-жылдын февраль айында Улуттукк коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан колго түшүрүлгөн. Россиянын элчилигинде Карасовдун иши тууралуу маалыматтары жок экенин айттышты.

Россиянын жараны Тахир Карасов, сот тарабынан, Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 241-беренеси (атуучу куралдарды жана жардырылуучу заттарды мыйзамсыз сактоо, алуу жана сатуу) боюнча «күнөөлүү» деп табылды.

Соттун өкүмүнө ылайык, Карасов төрт жылга эркинен ажыратылат. Анын кайсы жакта жазасын өтөй тургандыгы азырынча белгисиз.

Карасов 2012-жылы февраль айында Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Аталган мекеменин маалыматы боюнча, Карасов «чет өлкөдө эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү» болгон.

«[...] 2011-жылы Карасов диверсиялык-согуштук даярдоодон өтүп, 2011-жылы декабрь айында Бишкекке «Жайшуль Махди» уюмунун азыркы тапта издөө салынган мүчөсү К.А. Салиевдин кеӊеши менен келген», — деп айтылат мекеменин пресс-релизинде.

УКМКнын билдирирүүсү боюнча, аталган россиялыктын келиши менен «жашыруун террористтик кыймылдын жигердениши байкалган».

УКМКнын басма сөз кызматы табылган далилдер тууралуу так маалымат берүүдөн баш тартты.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко мекендешинин соттук иши боюнча чыгарылган сот өкүмү тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Аталган дипломатияык өкүчүлүк азырынча Россиянын жаранын коргоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзө элек.

Биринчи май райондук соту Карасовдун иши тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

УКМКнын басма сөз кызматында жана аталган ишти караган сот Абдыразак Борумбаевдин кабылдамасында айыпталып жаткан тараптын жактоочусунун байланыш телефондорун берүүдөн баш тартышты.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Сүрөт: Кыргызстандын сот системасынын Интернет баракчасынан

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы