Тажикстан бийлиги маалымат интернет баракчасын президенттин «аброюна доо келтирген» комментарийлер үчүн жаап салышты

«Азия Плюс» кабар агенттигинин Интернет баракчасы 12-июнь күнү Тажикстандагы кээ бир интернет колдонуучуларына ачылбай калган. Өлкөнүн бийлиги баракча колдонуучулардын президент Эмомали Рахмонго «жала жабып жана беделине доо келтирип» жазган комментарийлери үчүн жабылганын жана ал билдирүү өчүрүлгөндөн кийин Интернет баракчасы ачыларын маалымдашты.

Тажикстандын өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматынын башчысы Бег Зухуров аталган баракчанын жетекчилигине баракчаны жабуунун себеби колдонуучулардын биринин президент тууралуу «жала жабуу жана беделине доо келтирүүнү» камтыган комментарийлери болгон, деп түшүндүргөн.

«Азия Плюс» колдонуучусунун билдирүүсүн өчүргөндөн кийин, Байланыш кызматынан жакында баракчаны ача тургандыгы жөнүндө билдирүү алган.

«Клооп» өчүрүлгөн комментарийдин мазмунун биле алган жок.

Мындан мурун Зухуров «Клооптун» кабарчыларына баракчаны жабууга Рахмон жөнүндө «жаман макала» себеп болгонун айткан.

«Тажикстанда жашап жатып, мындай нерселерди кантип жазууга болсун? Мен Интернет баракчалардын идеологиялыктарабына жооптуумун. Мындан кийин мага канча суроо келип түшүп жатканын силер элестете да албайсыӊар», —деп, ал кабар агенттигин сотко берүүгө убада берген.

«Азия Плюстун» маалыматы боюнча баракчаны жабуу жөнүндөгү өкмөттүн буйргун 14 Интернет-камсыздоочусу алганына карабастан, алардын бардыгы эле аны аткарууга даяр болушкан эмес.

«Вавилон-Т» камсыздоочусунун сурап-билүү кызматынын оператору «Клооптун» журналисттерине Байланыш кызматынан эч кандай кат келбегенин жана баракчанын ачык турганын айтты, бирок аталган компаниянын интернет-колдонуучулары тексерисинче маалымат беришүүдө.

«Балким, «Азия Плюстун» техникалык маселелери бардыр. Биздин маалыматыбыз жок», — деди «Вавилон-Т» компаниясынын оператору.

«Истэра» интернет камсыздоочусунун кызматкери «Азия Плюс» баракчасынын жабылуусу боюнча буйруктун бар экенин четке какты.

«Биз эч кандай кат алган эмеспиз жана баракчаны жапкан жокпуз. Бизде ал баракча ачылып жатат, аны окууга болот», — дешти «Истэра» компаниясында.

Дагы бир камсыздоочу—«Телеком технолоджинин» кызматкерлери мындай буйрукту алышканын жана талапка ылайык, «Азия Плюс» баракчасын жаап коюшканын билдиришти.

«Азырынча баракчанын жабылуу себеби түшүнүктүү эмес. Ал жерде оӊдоо иштерине байланыштуу деп жазылып турат. Ал оӊдоо иштери кайсы убакка чейин уланарын билбейбиз», — деди «Телеком технолоджинин» кызматкери.

Биринчи жолку окуя эмес

«Азия Плюс» кабар агенттингинин жабылганы тууралуу 12-июнь күнү түштөн кийин маалым болду.

Тажикстандын көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынын ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршибаев бийликтин мындай аракеттерин сынга алды.

«Зухуров мырзанын жана байланыш кызматынын жасаган иштери мага түшүнүктүү эмес, жана мен аларды сынга алып, Тажикстан Республикасынын Конституциясынын сөз эркиндиги каралган 30-беренесинин негизинде иш алып барууга чакырам», — деди ал.

Каршибаев эгер «Азия Плюс» кандайдыр чыгаруусунда ката кетирген болсо, бийлик баракчаны жаппастан, аны четке каккан жазуу жибериши керек болчу, деп белгиледи.

«Серепчи катары, мен баланыш кызматынын мындай кыймыл аракеттин Тажикстандагы сөз эркиндигине доо келтирүү катары баалайам жана «Азия Плюс» баракчасын өлкөбүздөгү кошумча маалыматтардын жакшы булагы деп эсептейм», —деди Каршибаев.

«Интернет саясатынын жарандык демилгеси» уюмунун долбоор башчысы Мухаммади Ибодуллоевдмн маалыматы боюнча, «Азия Плюс» азыркы тапта Тажикстандагы эӊ көп колдонулган баракчалардын бири. Анын айтымында аталган Интернет баракчага күн сайын 10 миӊден ашуун адам кирет.

«Маалымат баракчаларынын арасында «Азия Плюс» республикадагы эӊ белгилүүлөрдүн бири», — деп ишендирди Ибодуллоев.

Тажикстандын интернет кызматы менен камсыздоочуларынын ассоциациясынын билдирүүсү боюнча бүгүнкү күндө Тажикстанда 20дай баракчалар жабылган. Алар кандайдыр бир жол менен «өлкөнүн президентинин бийлигин сынга алышкан».

Март айынын башында Тажикстанда Байланыш кызматынын буйргу боюнча «Фейсбук» социалдык баракчасы жабылып, бирок бир жумадан кийин кайра ачылган.

Анда Байланыш кызматы өзүнүн мындай аракетин «оӊдоо иштери» деп түшүндүргөн.

Автор: Мархабо Хоким

Редактор: Зарина Эргашева и Бектур Искендер

Сүрөт: Петрас Малукас

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы