УКМК: Нарындык балдарды Бангладешке диний мектепте окууга алып кетип жатышат

Нарын облусунан балдарды Бангадеште Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын катышы бар диний мектепте окутуу үчүн алып кетип жатышат, деп УКМК маалымдоодо. Муфтият коопсуздук комитетинин мындай билдирүүсүн четке какты.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы Дин башкармалыгынан кээ бир кызматкерлерин жана «Таблиги Джамаат» диний кыймылынын мүчөлөрүнөн Кыргызстандан 10-15 жаштагы балдарды диний мектепте окутуу үчүн «алып кетип жатат», деп шектенүүдө.

УКМКнын маалыматы боюнча, билим берүү министрлиги Бангладешке «алып кетилип жаткан» балдарга эмнелер үйрөтүлүп жатканынан кабардар эмес.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев Дин башкармалыгынын жашы жете элек балдардын өлкөдөн чыгарып кетилип жатканына катышы бар экендиги жөнүндө маалыматты четке какты.

«Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эч качан жашы жете элек балдарды чет өлкөгө окууга жөнөткөн эмес», — деди ал.

Мамбеталиев «Клоопко» Муфтият ата-энелердин Бангладешке балдарын өздөру окууга жөнөтүп жатышканын билерин айтты.

«Таблиги Джамаат» диний кыймылы «салт боюнча» ислам динин тутунган элдердин арасында исламды «жандандыруу» максатын көздөйт.

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы