Ысык-Көлдө сейрек кездешүүчү балыктардын түрлөрүн – сазандарды, чабактарды жана көкчаарларды көбөйтүү үчүн, көлгө миллион чакты балык коё бергени жатышат. Балыкчылар жырткыч балыктарды – форель жана көксеркелерди кармашып, Ысык-Көл облусунун медициналык жана социалдык мекемелерине тапшырышат.
Ысык-Көлдө балык көбөйтүү демилгеси айлана-чөйрө жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине таандык жана Глобалдык экономикалык фонд (ГЭФ) тарабынан ишке ашырылууда. Июндун башынан тартып 100 миң сазан жана 500 миң чабак сууга коё берилген.
ГЭФтин пресс-релизинде шилтеме жасалган фонддун серепчилеринин айтымында Ысык-Көлдө балыктардын көбөйтүлүүсүнүн себеби көлдө балык түрлөрүнүн кескин түрдө азайышы болгон.
Серепчилердин маалыматтары боюнча, чабактын санынын азайышына жырткыч балыктар – көксеркелер жана көкчаарлар таасир тийгизген. Алар Кыргызстанга 50 жыл мурун жергиликтүү фаунаны «байытуу» максатында алып келинген.
«Көбөйүп кеткен жырткычтар эч ким тарабынан көзөмөлдөнбөй, алардын санын азайтуу боюнча эч кандай иш-чаралар жүргүзүлбөй келет», – деп жазат экологиялык фонд.
Долбоордун чегинде жалданган балыкчылар жырткыч балыктарды — көксеркелер жана көкчаарларды кармашат. Кийин алар медициналык мекемелерге, балдар үйлөрүнө жана колунда жоктордун үйлөрүнө таратылат.
Долбоордун менеджери Азат Аламанов «Клоопко» берген интервьюсунда көкчаарларды көбөйтүү үчүн Ысык-Көлгө Соң-Көлдөн алып келгени жатышканын билдирди.
Анын айтымында, долбоордун адистери Соң-Көлдүн сууларына ылайыкташып өсүп калган ысык-көлдүк көкчаарларды изилдегени жатышат.
Балыкчалардын пикири
«Клооп» сурамжылоого алган Ысык-Көлдүк балыкчылар балыктарды көбөйтүү идеясын колдошот жана аталган долбоор балыктардын сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн таптакыр жоголуп кетүүсүнүн алдын алат.
Балыкчы Сергей Ысык-Көлдө балыктарды көбөйтүп, аларды мамлекетке саткан компаниялар көп экенин айтты.
«Биз чабактарды тузсуз сууда көбөйтүүгө аракет жасап жатабыз», — деди «Клоопко» берген интервьюсунда жергиликтүү балыкчы.
Ысык-Көл облусунун жашоочусу Камчыбек бийлик мыйзамсыз балык кармоону токтотуу үчүн браконьерлерди көзөмөлдөй турган туруктуу инспекторду дайындашы керек, деп эсептейт.
«Мурда бир инспектор бүтүндөй районго жетиштүү болчу, азыр бир браконьерге ондон инспектор туура келет. […] Мурда бироо эле баарына жетишчу. Андан бардыгы коркуп, кайрымак менен балык туткандан коркушчу», — дейт Камчыбек.
Балыкчы Евгенийдин ою боюнча балыктардын санын сактоо үчүн жергиликтүү балыкчылар менен консультациялар жүргүзүлүүсү керек.
«Балыктын урук таштоо убагында ошол эле балыкчылар уруктандыруу иштерин да жасашсын. Аларга мындай жумушту кантип кылууну көрсөтүү керек. [...] Убакыт өткөн сайын балыктар көбөйөт, ошондой эле кармоого болот, мамлекетке да салык берилип турат», — деди ал.
1960-жылдардын ортосуна чейин чабактар Ысык-Көлдөн тутулган балыктардын 95 пайызын түзчү, бул болжол менен жылына 1200-1350 тоннаны түзгөн. Жыйырма жылдын ичинде бул көрсөткүч 10 эсеге азайып, 140-160 тоннага чейин түшкөн.
Кыргызстандын балык чарбасынын ассоциациясынын башчысы Ренад Досаев мурда 1992-жылы эле көлдө ысык-көлдүк чабак калбай калганын маалымдаган.
Автор: Алексей Ким
Редактор: Улугбек Акишев
Сүрөттүн автору: Тимур Райымкулов
Которгон: Нураида Абдыкапар кызы