Өз көзүм менен күбө болгон Евро-2012

«Клооптун» башкы редактору Бектур Искендер футбол боюнча Европа чемпионатына күбө болууга мүмкүнчүлүк алды, албетте кыйынчылыктар болбой койгон жок. Харьков шаарында 9-июнда өткөн Голландия-Дания беттешүүсүнө күбө болуп, окурмандар менен матчттан кийинки ой-жүгүртүүлөрү менен бөлүшүүгө даяр болду.

«Чынын айтсам, мурун элестетип жүргөндөй укмуштуу деле эмес экен. Же Харьковдо эмоцияга анча берилбеген футбол күйөрмандары чогулганбы.

Телетрансляция футболго драмалуулук берээрин, ошол телетрансляциялар үчүн гана футбол азыркыга чейин жашап келгендигин эми түшүндүм. Анткени, ансыз футбол күнүмдүк эле жөнөкөй көрүнүш катары сезилет экен.

Телетрансляцияда драматургия бар — жакынкы пландар, кайра алыскы пландар менен алмашып турат, кинотасма көрүп жаткандай эле болсуң. Футболчулардын сезимдерине акценттер коюлуп, кээ бир сахналар улам-улам кайталанат. Ал эми стадиондо отурганда, 22 адам көк шиберде топ ойноп жүргөнүн гана көрөт экенсиң.

Ошого карабастан баары бир башкача сезимге кабылдым — бир тараптан сага эле окшогон 22 адам топ ойноп жатышат, бирок алардын баары дүйнөлүк журналисттер аңдыган футбол жылдыздар да.

Оюн учурунда футболчулар алмашып, ар кандай тыныгуулар болбой койбойт. Ошондо гана Робин ван Перси — сендей эле жөпжөнөкөй адам экенин байкайсың — мына тырмап, чимкирип басып жүрөт.

Эми тырманып жатканын көргөн жокмун. Матч болгон «Металлист» стадионунун өзгөчөлүктөрүнөн Хунтелаардын сапсары болгон бутсыларын гана көрө алдым.

УЕФА жөнүндө

«УЕФА — айбандар! «Металлист» стадионунан расмий түрдө 120 еврого сатып алган, биринчи класстагы билетимди конфискациялап алышты. Көрөсө мындай билетти мага сатпаш керек экен да (epic fail!).

Айла жок үчүнчү класстагы билет сатып алуга аргасыз болдум — 15 еврого (epic win!).

Ошол биринчи класстагы билетти спекулятанттардан эмес, стадиондун кассасында, расмий түрдө сатып алганыма карабастан 120 евромду кайтарып беришпеди. Эмнеге УЕФАнын жоопкерсиздиги жана ээн баштыгы үчүн мен өз чөнтөгүмөн төлөшүм керек?

УЕФАга чалсам иликтөө иши жүрүп жатат деп чектелүүдө.

Опоңой эле биринчи билетим менен стадионго кирип деле кетсем болмок экен, анткени билеттеги ысымды паспорттогу маалыматтар менен текшеришкен жок. Паспортту такыр эле текшеришкен жок! УЕФАнын өкүлдөрү болсо «сиздин ордунузда башка бирөө отурушу мүмкүн» деп мени коркутуп жатышкан да. Ишенбейм!

Анысы аз келгенсип, стадионго фотоаппарат менен кире албайсың деп жатпайбы. Кийинчерээк стадиондо так меникиндей толтура фотоаппараттарды көрүп, нааразы болуп, ичим күйгөнүн айтпа. Так меникиндей «Кэнон» ЭОС600Д, 18-200мм объективи менен».

Ракурстун маанилүүлүгү

«Эмнегедир Харьковдо ырдабаган футбол сүйүүчүлөрү чогулуптур. Үнү жок болсо деле, кыйкырып ырдап жүргөн күйөрмандар жетишпей жатты.

Футбол талаасындагы дарбазачынын артында отургандыктан, ракурс жакшы болду дегенден алысмын. Матчтын бир бөлүгүн Стекеленбургдун, матчтын экинчи бөлүгүндө Андерсондун далын тиктеп отурдум.

Бирок, дарбазынын артында отургандыктан голландиялыктарга киргизилген голду жакындан көрө алдым. Ушул жерден белгилеп кетчү нерсе, голду майрамдоо телевизордон таптакыр башкача, жөнөкөй жана жупуну көрүнөт экен.

Анткени телетрансляция учурунда сахналар кайра-кайрадан кайталанып, так эле көркөм кино тасмадагыдай, футболчулардын кубанычын бир нече жолу көрө аласың.

Телетрансляция үчүн футболдук матчтар «Голливуд кинолоруна» окшошот.

Ал эми чындыгына келсек, ак футболка кийген эркектер бири-бирин куттуктап, кучакташып коюп, андан ары топ тээп ойноп кете беришти.

Кыргызстандын курама командасынын жана «Дордойдун» эл аралык турнирлердеги беттешүүсүн мыкты деңгээлде трансляцилоонуу үйрөнмөйүнчө кыргыз футболу өнүкпөйт.

Желбирген Канаданын туусу

«Жеке блогума жазам деп жатып, кээ бир көз ирмемедерди байкабай калып аттым. Бирок, уюлдук телефонумда Андроиддин атайын Евро-2012 тиркемесинен эскертүү каттар келип жатты.

Мисалы, футболчулардын бирине сары кагаз бергилгендигин байкабай калыптырмын. Телефонумдан блогума жазып жатсам, бул жөнүндө кат келип жатпайбы. Башыңды көтөрсөң сары кагаз алган футболчу маңдайыңда турат.

Балакайлык экенин билсем дагы ушунчалык телекамералардын объективине түшкүм келди. Бирок операторду кызыктырыш үчүн бетимди кочкул сары түскө боёп же күлкүлүү парик кийген жокмун.

Роббендин оң флангдан жасаган чабуулу учурунда камеранын объективине Канаданын туусу түшүп калыптыр, ошол канадалык менен ылдый жагымда отурган эле.

Тилекке каршы, кадрга түшпөй калдым…»

Ыйлаган голландиялык футбол сүйүүчүлөрү

«Ыйлап жаткан голландиялыктарды көрүп, эмнедеген акылсыздык деген ой келди. Бирок, Азиянын футзал боюнча чемпионатынын чейрек финалында Кыргызстандыктар Японияга утулуп калганда өзүм ыйлагана даяр болгонумду эстеп кеттим.

Матчка өз көзүм менен күбө болгонума өтө бактылуумун. Дагы бир жолу, аалам биз элестеткенден да жөпжөнөкөй экенине күбө болдум.

Экинчи тараптан, миллиондого күйөрмандарын көңүлүн буруп келген көрүнүштү ичинен баамдап, көрүп келдим. Байытпай койбойт».

Бул макалада айтылган пикирлер жана ой-жүгүртүүлөр Бектур Искендердин жеке пикири. «Клооптун» саясатын чыгылдырбайт.

Автор: Бектур Искендер