Британиялык компания Жалал-Абад облусунда жети жаңы алтын кенин тапты

Британиялык алтын өндүрүүчү компания «Чаарат Голд Холдингс» Жалал-Абад облусунда жаңы жети алтын кенин алтын өндүүрү үчүн камдай баштады жана жакында Чоңташ кенин иштете баштайт. Мамлекеттик геология агенттигинде жаңы алтын кендери тууралуу маалыматты ырастап, аталган компаниянын аларды иштетүүгө лицензия ала элек экенин кошумчалашты.

2012-жылдын июнь айынын отчётунда «Чаарат Голд» компаниясы Жалал-Абад облусундагы Чоңташ кенин изилдегенден кийин жети жаңы алтын кенин тапканын маалымдаган.

«Проэктив инвесторс» бизнес порталынын маалыматы боюнча, «Чаарат Голд» азыркы тапта табылган кендерди иштетүү үчүн керектүү жабдууларды ташуу үчүн жол курууда.

Алтын өндүрүүчү жаңы жайлар Жалал-Абаддагы жакында өткөрүлгөн кенди изилдөөдөн кийин табылган.

Мамлекеттик геология жана минералдык агенттигинин басма сөз кызматы жаңы кендердин табылганы тууралуу маалыматты ырастады. Бирок, компания аталган жаңы кендерди иштетүүгө лицензия ала элек.

«Чаарат Голддун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн комментарий алуу мүмкүн болгон жон.

«Проэктив инвесторс» аткаруучу директору Декель Голанга шилтеме жасап, Чоңташтын «абдан маанилуу долбоор» болууга потенциалы бар, деп жазган.

Анын билдируүсүнө караганда, компания Борбордук Азиянын тоолорунда жаңы ири кендерди аныктоо максатында Тянь-Шандагы тоолорун системалык түрдө изилдөөнү улантышат.

«Арзан баадагы алтын»

Британиялык «Чаарат Голд» компаниясы Борбордук Тянь-Шань тоолорунда алтын өндүрүү иштерин алып барат.

Бүгүнкү күндө аталган компания Кызыл-Баш жана Түлкү-Баш кендери кирген Чаарат кенин алтын өндүрүү үчүн даярдоодо.

Кызыл-Ташты – 2014-жылы, ал эми Түлкү-Башты – 2012-жылы жайында иштете башташат. Бул кендерди иштетүү үчүн, Кыргызстандын геология агенттигинин маалыматы боюнча, лицензиялар берилген.

«Проэктив инвесторс» «Чаарат Голд» компаниясынын башкы максаты – кымбат турбаган алтын өндүрүү, деп жазат. Ага кошумча, күн сайын Түлкү-Баш кенинде алардын 200 миң унция алтын алууну пландаштырып жатканын жазган.

Автор: Александра Ли

Редактор: Улугбек Акишев

Сүрөт: Кытайлык түстүү металл өндүрүү корпорациясынын Интернет баракчасынан

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы