«Мегакомдун» башчысынын мурунку кеңешчиси «алдамчылыгы» үчүн 7 жылга эркинен ажыратылды

Свердловск райондук соту Раушан Рыкунованы «алдамчылык, жалган ишмердик жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы» үчүн 7 жылга эркинен ажыратты. Сот анын мүлкүн конфискациялоо чечимин да кабыл алды.

Сот Жаңыл Мамбеталиеванын өкүмү боюнча Рыкунова соттолгон аялдардын колониясына жөнөтүлөт.

Аны «Мегаком» компаниясынын менчигинен 30 миллион сомду өзүмдүк кылып алган деп, күнөөлүү табышты.

Мурунку кеңешчинин жактоочусу Эркин Саданбеков «Клоопко» берген интервьюсунда Рыкунова азыр №1 тергөө изоляторунда экенин маалымдаган.

Ал, жактоочу тарап соттүн өкүмүнө Бишкек шаарыдык сотто даттанганы жатканын айтты. Анын айтымында, Рыкунова коюлган күнөөлөрдү мойнуна алган эмес.

«Далилдер жок, бардык нерсе эле так эмес. Кайсы жерде уурдаган? Колу кайда? Документтери кайда? Булардын бардыгын ойлоп чыгарып алышыптыр», — дейт Саданбеков.

«Көмөк көрсөткөндөргө» — алты жыл

Свердловск райондук соту соттолгондун жубайы Владислав Рыкуновду алдоого жардам бергени үчүн 6 жылга эркинен ажыратты.

«Мегаком» компаниясынын мурунку кеңешчисинин эжеси Айнура Симге да ушундай эле өкүм чыккан.

«24» маалымат агенттиги өкүм жарыялангандан кийин Сим эсин жоготкон, ага «Тез жардам» чакырылганын жазган.

Раушан Рыкунова 2011-жылдын июль айында Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунунун башкы директору Андрей Силичтин кеңешчиси болуп иштеп жүргөн убакта 31 миллион сомду өзүмдүк кылып алган деп айыпталган.

Силич 2011-жылы мамлекет тарабынан кызматынан бошотулуп, ага каршы кылмыш иши козголгондон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Анын артынан Мурзалиев «финансылык көз боёмочулук» кылган деп айыпталып, УКМКнын убактылуу абагына камалган.

Раушан Рыкунова (мурдагы Роза Качиева) 1990-жылдары Улуттук телерадиокомпаниянын журналисти болуп иштеген.

2000-жылы ал «алдамчылыкта» айыпталып, укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Рыкунова колго түшкөндөн кийин экс-президента Аскар Акаевди жана Коопсуздук кеңешинин башчысы Болот Джанузаковду сексуалдык кылмышта айыптаган, анан көп өтпөй боштондукка чыккан.

10 жылдын тегерегинде Рыкунова жалтырак журналдарды чыгаруу менен алектенген, 2010-жыдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин ал «Мегакомдун» акционерлеринин бири болгон «Пенвелл» компаниясынын өкүлү катары Андрей Силичтин кеңешчиси болуп иштеген.

Автор: Улугбек Акишев жана Любовь Шевченко

Сүрөт: Кыргызстандын сот системасынын Интернет баракчасынан

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы