Ош шаарынын мэриясы Мырзакматовдун ооруканага жаткырылганы тууралуу маалыматты четке какты

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов үйүндө жана «мыкты абалда» экенин мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Камиль Сыдыков маалымдады. Мындан мурда, шаар башчысы өкмөттүн отурумунда өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылганы билдирилген.

«КирТАГ» маалымат агенттиги 13-июнь күнү Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов өкмөттүн отурумунда «өзүн начар сезгенин» жана анын «ооруканага жөнөтүлгөнүн» маалымдаган.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Камиль Сыдыков мындай маалыматты четке кагып, шаар башчысы «тамеки тартуу тыныгуусу учурунда өзүн начар сезип кеткенин», бирок азыр бардыгы «нормалдашканын» маалымдады.

«Балким суук тийгендендир. Баш оорулары токтоп, азыр ал үйүндө жана абалы жакшы», — деп ишендирди Сыдыков.

Мырзакматов отурум залына кайра келип, уруксат сурап, Бишкектеги үйүнө чейин жеткенин кошумчалады. Ош шаар башчысы медициналык жардамга кайрылган эмес.

Азыркы тапта, басма сөз катчынын айтуусу боюнча, Мырзакматовдун абалы «мыкты».

«КирТАГдын» маалыматы боюнча, өкмөттүн отурумунда премьер-министр Өмүрбек Бабанов Ош шаар башчысынын жоктугуна ачуусу келип, аны ордуна чакырууну суранган.

«Ал эки мүнөткө суранган, эми эмне? Ошко кеттиби? Аны Оштон да алысыраак жерге жөнөтүп жибере электе дароо кирсин», —деп жазган «КирТАГ» Бабановго шилтеме жасай.

Андан кийин өкмөт башчысына Мырзакматовду ооруканага алып кетишкенин маалымдашкан.

Редактор: Улугбек Акишев

Сүрөттүн автору: Дастан Уметбай уулу