Прокуратура Аскаровдун ишин жаӊылоо тууралуу маселени июндун аягына чейин чечет

Жалал-Абад прокуратурасы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча жаӊы күбөлөр тууралуу маалыматтарды изилдөөдө. Аскаров 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү этностук кагылышуу учурунда милиция кызматкерин өлтүргөндүгү үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Анын жактоочусу мындан мурда анын күнөөсүздүгүнүн далилин тапканын маалымдаган.

Жалал-Абад прокуратурасынын өкүлү «Клоопко» берген интервьюсунда ишти жаӊылоо боюнча маселе 2012-жылдын июнь айынын аягына чейин чечилерин айтты. Айтымында, жактоочулардын маалыматтарын изилдеп чыгуу үчүн прокуратурага 2-3 жума убакыт керек.

«Текшерүүнүн натыйжысанда жаӊы ачылган кырдаалдар боюнча кылмыш ишин кайрадан козгоо же аны четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынат», – деди прокуратура кызматкери.

Аталган иш, Аскаровдун жактоочусу Евгения Крапивина укук коргоочунун күнөөсүздүгүн далилдей ала турганына ишенген жаӊы күбөлөрдү тапкандан кийин, Жалал-Абад прокуратурасына өткөрүлгөн.

Крапивина май айынын аяктарында жактоочу тарап 10 чакты жаӊы күбөнүн көрсөтмөлөрүн нотариалдык түрдө бекиткенин маалымдаган.

Аларын бардыгы 2010-жылы июнь айындагы этостор аралык кагылышуу учурунда милиция кызматкери Мыктыбек Сулайманов каза болгон Базар-Коргон айылындагы көпүрөдө укук коргоочу жок болгонун билдиришүүдө.

Бийлик азырынча Аскаровдун иши боюнча комментарий бере элек.

Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган

2011-жылы 20-декабрда Жогорку сот Азимжана Аскаровду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. Азыр ал күчөтүлгөн режимдеги 47-колонияда жазасын өтөөдө.

Укук коргоочу 2010-жылы июнда кыргыз жана өзбектердин арасында «улуттар аралык жаӊжал чыгарган» жана милиция кызматкери Мыктыбека Сулаймановду өлтүргөн, деп айыпталууда.

Азимжан Аскаров тарабын Кыргызстанда гана эмес, ар түрдүү эл аралык уюмдар жана АКШнын өкмөтү да талашышкан.

«Милиция жана прокуратуранын Аскаровду куугунтукка алууга негиздери көп болгон. Өзүнүн коррупция жана түштүктөгү укук коргооо органдары тарабынан адам укуктарын бузуу фактыларынын изилдөөлөрү менен, ал бир нече жолу жергиликтүү чиновниктерди оор абалга таштап, карьераларын бузган», —деп жазат Журналисттерди коргоо боюнча комитет өзүнүн Интернет баракчасында.

БУУнун атайын баяндамачысы Хуан Мендес Кыргызстанда кыйноо маселеси боюнча жүргөндө Аскаровдун иши жаӊы кырдаалдар боюнча кайра ачыларына жана адилеттуү түрдө караларына үмүт кыларын айткан.

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы