Бабанов эл алдында жооп берүү үчүн ТВ-шоу башайт

«Премьер-министр менен 20 мүнөт» телеберүүсү УТРКдан жума сайын чыгарылат – анда премьер Өмүрбек Бабанов аткарылган жумуштар жөнүндө айтып берип, көрүүчүлөрдүн мурунтан жөнөтүлгөн суроолоруна жооп берет. Сынчылар шоу түз эфирде чыгышы керек, деп эсептешет.

«Премьер-министр менен 20 мүнөт» — УТРКда Бабановдун катышуусунда жума сайын эфирге чыга турган телеберүүнүн аты.

Берүү жазылып, дүйшөмбү күндөрү саат 20:15те көрсөтүлөт.

«Түз эфирде көрсөтүү премьер-министрдин жумуш графигинин айынан мүмкүн болбойт», — деп Бабановдун басма сөз катчысы Султан Каназаров түшүндүрдү.

Басма сөз катчысы, премьерден өз суроолоруна жооп алгысы келгендердин саны көп болуп, алардын баарына жооп берүү мүмкүн болбойт, деп эсептейт.

Көрүүчүлөр Бабановдон жооп алуу үчүн СМС, же электрондук почтанын адресине жибериши керек болот.

«Көрүүчүлөрдүн премьер-министр үчүн калтырган суроолорун алып баруучулар эфирде окушат жана премьер-министр аларга жооп берет», — деди Каназаров.

Анын айтуусу боюнча аталган телеберүү калкка өкмөт менен баарлашууга, анын кабыл алган чечимдерине таасир этүүгө жана кенештерин берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Серепчилердин пикири

Серепчилердин Бабановдун берүүсүнүн концепциясы тууралуу пикирлери ар түрдүү.

Саясат таануучу Марат Казакпаев премьер-министр катышуусундагы телеберүү идеясына жакшы баа берди.

«Премьер-министрдин эл алдындагы отчёту – элдер ачык сүйлөшүүнү каалашат, реформалар иштебей, өкмөттө көп маселелер бар. Жакшы берүү экен», — дейт Казакпаев.

Бирок, ал монтаждын айынан бурмалоо болушу мүмкүн, деп кооптонууда.

«Монтаж – бул өзүнчө маселе. Телеканалда берүү кесилип же туура эмес адамдар иштесе, андай берүүнүн кереги жок», —деди ал.

Дагы бир саясат таануучу Марс Сариев эфирди Бабанов гана эмес, Кыргызстандын башка министрликтери жана мекемелери колдонушу керек, деп эсептейт.

«Берүү министрликтер үчүн да эл менен түздөн-түз иштегенди үйрөнүү үчүн прецедент жаратууда», деди Сариев.

Анын ою боюнча, аталган берүү жазылса деле Бабановдун пайдасына иштейт. Бабанов мындай жол менен элден «электенбеген» түздөн-түз маалымат ала алат.

«Премьер-министр элдин алдында жогорулайт. Бул жакшы саясий кадам. Өкмөт башчысы өзүнүн кызматынан улам маалымат албай калышы мүмкүн. Эми ага Кыргызстандын алыскы райондорунан маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», —деп билдирди Сариев.

Медиа серепчиси Марат Токоевди премьер-министрдин түз эфирде чыкпаганы «кооптондурат».

Анын ою боюнча, аудитория Бабановду сынга алып, ал «өзүнө жаккан,өзү жооп берүүнү каалаган суроолорду тандап алды», деп эсептешет.

Автор: Айкөл Болотбекова

Сүрөт: КР өкмөтүнүн Интернет баракчасы

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы