Камчыбек Ташиев «Ата Журт» фракциясындагы лидерлик ордун өткөрүп берди

Камчыбек Ташиев «коомчулук менен көбүрөөк иштөө үчүн» партиянын лидери ордунан кетти, дейт кесиптеши Талант Мамытов. «Ата Журт» фракциясынын парламенттеги лидери болуп Садыр Жапаров дайындалды.

«Ата Журт» фракциясынын депутаттарынын көпчүлүгү Ташиевдин лидерлик ордунан кетишин колдоп, добушун беришти, дейт кесиптеши Талант Мамытов. Анын айтымында, Ташиев «коомчулук менен көбүрөөк иштеш үчүн» өз калоосу менен ордунан кетти.

«Ата Журт» партиясынын парламенттеги лидери болуп Садыр Жапаров дайындалды — Ташиев партиянын лидери бойдон кала бермекчи.

«Ата Журтчу» Курманбек Осмонов Ташиевдин кетишине каршы добуш бергендигин айтты.

«Кетээрин фракцияныны бүгүнкү отурумунда айтты, күтүүсүздүк болду», — дейт Осмонов.

Ташиевдин дагы бир партиялашы Роман Шин, кесиптешин колдогондугун белгилеп өттү.

«Ташиев туура кадамга барды деп ойлойм — өз каалоосу менен ордунан кетип жатат», — дейт Шин.

«Ар Намыс» фракциясынын депутаты Айнура Алтыбаева Ташиев лидерлик ордун мурун дагы бир нече жолу өткөрүп бергендигин эскертти.

«Ташиев президенттик жарышууга катышып жатканда, лидерлик ордун Садыр Жапаровго өткөрүп берген. Бир мезгилдерде Мыктыбек Абдылдаев да лидер болуп жүргөн. Бул нормалдуу эле көрүнүш, өзгөчө эч нерсе деле жок», — дейт Алтыбаева.

КСДП фракциясынын депутаты Жусупали Исаев Ташиевдин мындай кадамдарын түшүнбөгөндүгүн айтып, лидерлик ордунан кетиши «жөн эле эмес» деген пикириде.

«Биринчиден, мындай кадамдарын эч түшүнбөйм. Фракциянын лидеринин ордунан кетиши жөн жерден эле боло бербейт», — дейт Исаев.

«Фракция ичиндеги кырдаалдын чыңалуусу»

Саясат таануучу Марс Сариевдин айтымында, «Ата Журт» «партиясынын өз ичинде кырдаал чыңылып турган»

«Фракциянын өз ичинде бөлүнүү бар. Менимче, Садыр Жапаров партиянын күчүн топтоп, күзгү мезгилге даярданып жатат», — дейт Сариев.

Дагы бир серепчи Марат Казакпаев Жапаров Ташиевге салыштырмалуу «билимдүү» адам деген оюн ортого салды.

«Садыр Жапаровго ордун өткөрүп берип туура кылды, анткени Жапаров билимдүүрөөк. Фракциянын парламенттеги ишин өз колуна алат деп ойлойм», — дейт Казакпаев.

Автор: Эльдос Казыбеков
Редактор: Зарема Султанбекова