Кыргызстан күбөлөрдү коргоо программасын киргизгени жатат

Кылмыш иштеринин күбөлөрүн коргоо «көп кездешкен» кол салуулардан улам керек, деп эсептейт Ички иштер министрлиги. Укук коргоочулар программа киргизүү керек экенине кошулушат, бирок анын аткарылышы тууралуу күмөн санашууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2013-2015-жылдарга күбөлөрдү коргоо системасын киргизүүнү сунуштоодо. Мекеме муну «кылмыштуулуктун өнүгүү тенденциясы» менен түшүндүрүүдө.

«Кылмыштык сот иштеринин катышуучулар баарынан көп өч алуунун жана коркутуулардын курманы болушат. Натыйжада күбөлөр, жабыр тарткандар жана башка кылмыштык соттук ишинин катышуучулары башта берген көрсөтмөлөрүн четке кагышып, күнөөлүүлөр кылмыш жазасынан кутулуп кетишет», — деп айтылат программаны киргизүү боюнча токтом долбоорунун негиздеме маалымкатында.

Министрлик күбөлөрдүн сырткы келбетин өзгөртүүнү, жаңы документтерди берүүнү, үй-бүлөсүн коргоого алууну, соттук иштердин катышуучуларын коопсуз жерлерге көчүрүүнү сунуштоодо.

Кыргызстанда 2006-жылдын май айынан тартып, күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын укуктарын коргоо мыйзамы күчүнө кирген, бирок, укук коргоочулардын айтымында, бул мыйзам аткарылбай келет.

«Прецедент» өнөөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов күбөлөрдү коргоо системасы керек деп эсептейт, бирок анын ишке аткарылышынан күмөн санайт.

«Маселе анын кандайча аткарылганында, себеби жакшы мыйзамдар көп. Ошондуктан эски мыйзамдар иштебегенден кийин, жаңыларын кабыл алганын мааниси кандай?», —дейт укук коргоочу.

Дагы бир укук коргоочу Азиза Абдирасулова да программанын тиешелүү түрдө аткарыларынан күмөн саноодо.

«Программаны кабыл алуу зарылчылыгы бар, бирок анын чынында канчалык денгээлде иштерин мен билбейм», — деди ал.

Күбөлөрдү коргоо көп мамлекеттерде ишке ашырылат кыргызстандын башкы прокуратурасы мисал катары АКШ мамлекетин келтирди.

Америка Кошмо Штаттарынын мыйзамдарында тергөөгө көрсөтмө берген адамга зыян тигизүүгө жаза каралган. Жашоосу жана ден соолугу коркунучка коюлган күбөлөр, тергөө убагында корголуучу турактарга көчүрүлүшү мүмкүн.

Эгер бирөө өзгөчө кооптуу кылмыш иши тууралуу көрсөтмө берип жаткан болсо, ага жаңы ат жана социалдык камсыздандыруу системасынан жаңы номери менен документтер берилет, дешти башкы прокуратуранын басма сөз кызматында.

Авторлор: Любовь Шевченко жана Раим Досункулов

Сүрөт: United States Marshals Service

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы