Ош: Коомдук транспорттун айдоочулары жол киренин жогоруулатылышын талап кылышууда

Ош шаарынын коомдук транспорт агентигинин директору күйүүчү майдын жана авто тетиктеринин кымбатыгына байланыштуу айдоочулар жол киренин жогорулатылышын суранышууда деп билдирди. Бул маселе шаардык кеңеш депутаттарынын жыйынында каралат. Бирок жыйындын качан болоору белгисиз.

Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу транспорттук агентинин директору Искендер Жороевдин айтуусунда, коомдук транспорттун айдоочулары жол акы чыгашаны каптабай жатат деп кайрылышкандарын айтты.

Эгерде бул сунуш шаардык кеңештин депуттары тарабынан колдоого алынса гана жол акы көтөрүлөт.

“Бүгүнкү шартта бардык нерсе кымбатка келип жатат да, бул күйүүчү майлардын өсүүсү, автотетиктердин бааларынын көтөрүлүшү, эмгек акылары булардын баары келип, тарифге такталып жатат да, айдоочулардын иштөөсүнө, жүрүүсүнө кыйынчылык болуп атат”,—деди Жороев.

Жол акыны жогурулатуу жөнүндө токтом кабыл алынса, кичи автобустарда 8 сомдон 10 сомго көтөрүлөт. Ал эми азыр автобустар 6 сом жана троллейбустар — 5 сом болсо. Аларга бир сомдон кошулушу мүмкүн.

Шаардык кеңешинин төрагасы Таалай Сабиров, бул маселе келээрки депутаттардын жыйынында каралаарын билдирди. Бирок анын күнү азырынча белгисиз.

«Бишкекте көтүрүлдү да, анда бизде да көтөрүлөт»,—деп айтты Сабиров.

Ал ошондой эле кичи автобустардын айдоочулары туруктуу айлык алышпайт деп кошумчалады.

«Алар иштеп тапкан акчанын кандайдыр бир суммасы салык түрүндө биздин бюджетке төлөйт. Кандайдыр бир сумманы күйүчү майды, тетиктерди сатып алууга жумшайт. Ошолордун артканы булардын өздөрүнө калат», —деп айтты төрага.

Кичи автобустун айдоочусу Фархад Курбанов азыркы жол акы кеткен чыгашасын актабагандыгын айтты.

“Жол кире 7-8 сомдон актабайт, ал биринчиси. Бир балон алайын десең 3500 сом турат. Бир акумлятор алайлык десек 7-8 миң турат. Солярка 41 ден ашык 42 ге (сомго) жакын. Кээде машинаны ремонт кылганга да жетпей калат”,—деп нааразы болду Курбанов.

Кичи автобустун айдоочусу Бакыт Акынбеков акчанын кайтымын берүүдө бир сомдук таба албай калаарын билдирди.

“Жол кире маселеси негизинен бир сомдуктан көп көз каранды […]. Анан бул бир сомдуктар баардык жерде боло бербейт камоктордон [дүкөндөрдөн] же ажатканалардан издеп табам”,—деп кейиди айдоочу.

Автор: Нуржамал Мураталиева
Редактор: Айзат Шакиева