Оштун бийлиги футболисттердин эмгек акысын үч эсеге көбөйтүштү

Ош шаарынын мэриясы «Алай» футбол командасын камсыздоо үчүн 8,5 миллион сом бөлүп берди. Оюнчулардын айлык акылары 12 миӊден 32 миӊ сомго чейин жогорулады.

Ош шаарынын жетекчилиги командасынын оюнчуларынан «чоӊ үмүт» кылат. Мэрия «Алай» командасы кыргызстандын футбол боюнча чемпионатында биринчи орунду ала алат, деп эсептешет.

Оюнчулар атайын машыктыруучулардын комиссиясы тарабынан белгиленген, шыгына жараша 32 миӊ сомго чейин айлык алышат. Резервдеги оюнчулар беш миӊден алышат.

«Бул республика боюнча дээрлик жалгыз муниципалдык команда, жана алар жакшы башташты. Алардын Кыргызстандын чемпионатында биринчи орунду аларынан үмүтүбүз чоӊ. Биз аларды колдоп, ушунча акча бөлүп берип жатабыз», — деди мэриянын аппаратынын жетекчиси Айдар Казиев.

«Алайдын» башчысы Нурдин Сматов эмгек акылардын жогорулашы футболчулардын азиялык курама командаларынын турнири — «Азия Кубогунда» жеӊишке түрткү болот, деп үмүттөнүүдө.

«Мэрия биздин алдыбызга оор тапшырма койду. Кыргызстандын деӊгээлинде «Алай» байгелүү орунга жетүүсү үчүн кубокто биринчи болуусу керек», — деп Сматов «Клооп» менен пландарын бөлүштү.

Анын айтымында, чемпионат үчүн футболчулар мыкты даярдоодон өтүшкөн – биринчи этапта «Алай» бишкектик «Алганы» жана канттык «Абдыш-Атаны» жеӊген.

Учурда команда Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын командаларынын тизмесинде төртүнчү орунда турат. «Алайдын» эсебинде 17 упай бар – бул турнирдин фаворити болгон бишкектик «Дордой» командасынын упайынан 4 упайга аз.

Сматов «Алай» командасы чет өлкөлөрдөн өзүнө легионерлерди тарта аларын жана командада Өзбекстан 5 футболист ойноп жатканын айтты.

Кыргызстандын түштүгүнөн дагы бир «Нефтчи» футбол клубу бул сезондо катышуудан баш тарткан – команда каржысыз калган.

Өткөн жылга чейин аталган клуб «Кыргызнефтегаз» компаниясы тарабынан колдонгон, бирок келишими узартылбай, команда таратылган.

Авторлор: Айзат Шакиева жана Нуржамал Мураталиева

Редакторлор: Зарема Султанбекова жана Улугбек Акишев

Сүрөттүн автору: ELF

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы