Граффити фестивалы: «Азияга жолуккан Европа»

Орто Азиядагы граффити боюнча эл аралык фестиваль Германия жана Франциядан сүрөтчүлөрүнүн катышуусу менен өттү. Граффити сүрөтчүлөрү 100 метр квадрат аяттагы эки дубалды кооздошту.

«Азияга жолуккан Европа» 17 июнь күнү Бишкекте өткөн граффити боюнча төртүнчү фестивалдын катышуучуларынын бирдиктүү темасы болду.

Граффити сүрөтчүлөрү 100 метр квадрат аятты түзгөн эки дубалды кооздошту – жалпысынан беш башка сүрөт тартылган.

«Менин дубалымда кадимки эле европалык автоунаа «Порш» тартылды», — деди Антон Першаков аттуу граффити сүрөтчүсү.

Тартылган сүрөттөрдүн чиймелери алдын ала тандалып, дубалдар катышуучулардын каалоосуна карап бөлүштүрүлдү, дейт иш-чаранын катышуучусу Артем Сорокин.

Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын максаты заманбап көркөм өнөр аркылуу жаштардын көңүлүн актуалдуу долбоорлорго буруу болуп саналат.

«Биз граффитини коомго бир белги катары тартуулайбыз, ар бир адам бул балада же бул бүркүттө[чыгармасы жөнүндө] өзүнө ылайыктуу нерсе таба алат»,— деди уюштуруучу Виктор Цой.

Граффити боюнча эл аралык фестиваль Бишкекте төртүнчү жолу өткөрүлүүдө. Фестивалда жалпы жөнүнөн Кыргызстандын булуң бурчунан, коңшу мамлекеттерден жана Европадан келген көчө сүрөтчүлөрү катышышты.

Орто Азияданы граффити боюнча төртүнчү эл аралык фестиваль Германия жана Франциянын Кыргызстандагы элчиликеринин, Сорос фондунун «искусство жана маданият» программасынын, «Штайнброй» ресторанынын жана HIVOS уюмунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Автор: Света Зеленская

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы