«Политех» 2012-жылдан тарта журналисттерди даярдоону токтотот

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 2012-жылдын жайынан тартып журналисттерди окутууну токтотот – журналистика бөлүмү билим берүү министрлигиндеги реформалардын айынан жабылат. Студенттер нааразы болуп, митинг уюштурганы жатышат.

КМТУнун экономикалык журналистика жана жарнама бөлүмүнүн окутуучусу Мадина Мырзалиева 2012-жылынын жайкы сессиясынан кийин, билим берүү министрлигиндеги реформалардын айынан бөлүмдүн жабылып жатканын жана бул жылы акыркы бүтүрүүчүлөр чыгып жатканын, билдирди.

Мырзалиеванын айтуусу боюнча, окутуучулар болүм жабылбашы үчүн «колунан келген бардык аракеттерди жасашат». Ал университеттин кызматкерлери кандай жол менен өз нааразычылыгын билдиргени жатканын тактап айткан жок.

«Бул бөлүмдү жапкыдай, жаңы эле ачылган бөлүм эмес», — дейт окутуучу.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева 2012-жылдан тарта жогорку окуу жайларды багыттары боюнча тармакташтыруу башталарын айты. КМТУ, мисалы, «гуманитардык багыттагы» журналистика бөлүмсүз калат.

«Суралган багыттардын арасынан журналистика багыты тармактык эмес болуп саналат», — деди Жукеева.

2012-жылга чейин журналистика бөлүмүнө тапшырган студенттер жогорку окуу жайды тандаган багыты боюнча бүтүрө алат, деп кошумчалады. Бирок, аталган бөлүм жаңы студенттерди кабыл алууну токтотот.

«Бизди жайыбызга койгулачы»

Журналистика бөлүмүнүнүн студенттери билим берүү министрлигинин реформаларын жакшы кабыл алышкан жок. Экинчи курстун студенти Азат ректорго жардамга кайрылышканын, бирок азырынча натыйжа алышпаганын маалымдады.

«Университет өнүксө жакшы болмок. Мында университетке артыкчылык жаралмак, билим берүү министрлигинде, тескерисинче, бизди жок кылгысы келип жатышат», — дейт студент.

Журналистика бөлүмүнүнүн студенти Елена Цойдун айтуусуна караганда, студенттер бөлүмдүн жабылганына каршы нааразычылык акциясын уюштурганы жатышат, бирок, алар азырынча митингди өткөрүү жайын белгилеше элек.

«Биз бөлүмүбүздү өз абалында калтыргыла, деп, ошого жетишкени жатабыз», — деди Цой.

Журналистика бөлүмүнүнүн экинчи курсунун студенти Саида Матасымованын айтымында, нааразы болгон студенттер министрликти сотко бергени жатышкан, бирок юрист менен кеңешкенден соң бул пикиринен баш тартышкан.

«Азырынча 22-июнга чейин убакыт бар – акыркы мамлекеттик сынактан кийин бизди жаьышат экен» — деп даттанды студент.

Жогорку окуу жайларынын тармакташтыруу

Тармактарды алмаштыруу бүтүндөй Кыргызстандын университеттери боюнча жүргүзүлүүдө – техникалык жогорку окуу жайларда гуманитарык, гуманитардык окуу жайларда техникалык предметтер жоюлат. Жукееванын айтуусуна караганда, бөлүмдөрдүн саны эки эсеге кыскарат.

Тармакташтыруу Болондук – бакалавр жана магистр – эки баскычтуу билим беруу системасына өтүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө, дейт министрликтин басма сөз катчысы.

Болондук системада университет бир жылдын ичинде кредиттик сааттардын (сабактардын) топтомун сунуштайт. Студент аларды тандап, андан кийин катышууга милдеттүү болот.

Бакалавриатта студент төрт жыл окуп, кийин окуусун магистратурада улантат. Магистратураны бүтүргөндөн кийин, студент толук жогорку билим тууралуу дипломго ээ болот.

Кыргызстанды 2012-жылга чейин күчүндө болгон бир баскычтуу система адистерди даярдайт – студент толук жогорку билим тууралуу дипломду беш жыл билим алуудан кийин алат.

Сүрөттүн автору: Медер Бекмамбетов

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы