Тишиң барда таш чайна, иштебесең, аш кайда?

Бишкектеги эмгек биржасында бир жыл эмгектенген Бектурдун айлыгы кээде 1000$ чапчыйт.

Бишкекте түшкү саат үч. Лев Толстой атындагы көчөдө бир чакырымдай жерде, эки-үчтөн топтолгон адамдар. Эмгек биржасынын алдында унаабыз токтоор замат, баары чуркап келип мени курчап калышты.

“Эже, ким керек? эмне кылыш керек?”, “Эмне жасай аласыңар?” деген суроого, “Баарын, биз баарын жасай алабыз, айтсаңыз канча бересиз?”, — деген жооп кайтарышты. Журналист болгонумду угаар замат, баары дым боло түштү. “Сүйлөп берсек, канча төлөйсүз?” — дегенден бир аз өзүмдү жоготуп койдум, алгач интервью алуу үчүн акча сурашты.

Топтолгон, балдардын арасынан бирөө гана “Эже, эгер камерага тартпасаңыз мен сүйлөп берем, — деди…

24 жаштагы Бектур “кул базар” атка конгон эмгек биржасында бир жылга чукул иштеп жатат. Кесиби боюнча ширетүүчү, бала бир жылдын ичинде Казакстан, Орусияга чейин жалданып иштеп барган. Анын айтымында таң атпай саат бештен баштап, түнкү саат 10 го чейин жумуш келе берет, күнүнө 100гө жакын жумуш издегендер келет. Алардын 80%ын жаштар түзөрүн айтты.

- Таңкы саат беш-алтыдан тартып, караңгы киргенге чейин жумуш келе берет. Азыр 80% ы жаштар, анын 60%ы студент, 20%ы окубагандар. Ушул 20% жарымынын документи жок, — дейт Бектур

“Бүгүн митингге чакырышты, 500 сом төлөшөт имиш”

Кыргызстандагы митингтер чоң трендке айланды. Аянтка адам топтош үчүн “жактоочуларды” бул жактан “жумушка” жалдап кетишери айкын болду.

- Апрелде келишип, балдарды митинге алып кетишиптир. Бүгүн да эки бала келди, ушундай 500 сом төлөп беребиз, “мирный” митинг кылабыз, 2-3 күндү төлөп беребиз дешти. Анан эмне себеп, эмне менен чыгып атасыңар, максаты кандай, же курултайга кол топтоп атасыңарбы — десем, аны тигил жактан түшүнөсүңөр, суббота күнү кафеде чогулуш болот, ошол жакка келгиле. Ошол жакта баарын түшүндүрүп беребиз, деди. Бизден эч ким барган жок. Азыр жаштардын митингдерден көнүлү калды. Баягылар эле чыгат, өзүн коесуң бир максат, ал максат эч качан ишке ашпайт, кайрадан эле “одно и тоже”. Мисалы үчүн мен азыр Жогорку Кеңеште өзгөрүү бар деп, эч нерсе айталбайм, — деп айтты жумушчу

Миграцияга байланыштуу баалар түшүүдө

Бектурдун айтымында, Оштогу кандуу окуядан кийин, түштүктөн биржага келгендердин саны арбыды. Конкуренция курчуганы менен бирге, жаңы келгендер бааларды да түшүрүштү. Кул базарда түштүктөн келгендерин баарын эле “өзбек” деп аташат, мындай көрүнүштү Бектур, сүйлөгөндөрү өзбекче, түшүнбөй кетебиз, — деп баяндады

- Мен мурун ишенчү эмесмин, Москвага барганда көрдүм. Өзбектер бүт расценкаларды түшүрүп салыптыр, азыр орустар бүт өзбектерди иштетип калыптыр. Казакстанда деле ушул. Бишкекте мурун баалар жакшы болчу, өзбектер келди — бүттү, бүт түштү.

Аларды, силер бөлүп коесунарбы?

- Жок, өздөрү өйдө жакка кетип калышат, бул жакта турбайт. Эми алар бир-бири менен ынтымактуу да, чогуу жүрүшөт. Алар кете беришет арзан, иштеп-тиштеп кетели деп эле, күнүгө 500сом берсе деле кете беришет.

Биржада 1000$ тапса болобу?

Биржада иштегендерди жумуш орундары менен камсыз кылуу абзел дегенди көп угам, а бирок Бектемир бул пикирди четке какты. Өзү убагында чакан ишканаларга иштеп, ширетүүчүдөн баштап, сатуу боюнча менеджерге жетип, акчасы тартыш болгонуна байланыштуу, бул жакка келип, расмий ишинен өзү кеткенин айтты

- Чакан ишканаларда акча аз, максимум айына үч жүз доллар. (Андай акчаны) Эмерек жасаган “Бистар” ишканасында иштеп жүргөндө алдым, ал эми биржада жакшылап чуркасаң миң долларга чейин жетет. Баары эле ойлошот биржа десе, бул жакта бомж, алкаштар иштешет деп, бирок бул андай эмес.

Бир бай аялын ордуна коем деп, идиш аягын жуудуруп 100$ берген

- Кызыктуу окуялар көп, чоңдордун, байлардын аялдары үй жыйнабай калганда, намысына тийген күйөөлөрү келген. Бир жолу бир киши джип менен келип бир баланы алып барып, терезелерин, идиш-аягын жуудуртуп, бир жарым саат эле иштетип, аялын чакыртып туруп, “100$ берип кой” дегенде, аялы ыйлап ийген. “100$га өзүм эле жууйм” деп. Анда мындан ары өзүң жууп жүр деп баланы кайра таштап койгон.

Бул “жакшы” окуялардын бири, мындан тышкары жат учурлар да кездешет. Биржага ошондой эле сексуалдык мүнөздөгү сунуштар менен келишерин Бектур бөлүштү.

- Жанагы “голубойлор” бар го, дайыма келишет, миң сом — үч миң сом берем дешет. Кээде аялдар келип, балдарды тандашат. Ар кандай учурлар болот.

Бектур биржада иштеп акча таап, учурда салып аткан үйүн бүтүрүп үйлөнөрүн айтты. Андан соң, биржадан кетип жеке ишкана ачып, өз алдынча иштөөнү каалайт. Бирок бул тилек качан ишке ашарын ал билбейт.

“Убакыт көрсөтөт, эже”, — деп коштошту Бектур.

Автор: Мээрим Асанаалы