Журналист Фарафоновдун иши боюнча өкүм чыгаруу убактысы үчүнчү ирет жылдырылууда

Биринчи май райондук соту журналист Владимир Фарафоновдун иши боюнча отурумду соттун ден соолугуна байланыштуу 21-июнга жылдырды. Орусиянын Либерал-демократиялык партиясы Фарафонов «күнөөлүү» деп табыла турган болсо, кыргызстандык мигранттарды депортациялайбыз, деп коркутууда.

Фарафоновдун иши боюнча үчүнчү жолу өкүм чыкпай, кийинкиге жылдырылды —мунун бул жолку себеби сот Алмазбек Молдобековдун оорусу болду.

Журналист «Русское единство» Интернет баракчасы жана башка бир нече Интернет басмаларда жарыялаган эмгектери аркылуу улуттар аралык жаңжал чыгарган, деп айыпталууда.

Мурдагы отурум журналисттин жактоочусу Владислав Лужанскийдин ооруп калганы үчүн 5 июндан 18 июнга жылдырылган. Аталган иш боюнча сот өкүмү 2012-жылдын май айында чыгарылмак, бирок ал убакта, Молдобеков иштин материалдарын толугураак изилдөөнү чечкен.

Россиянын Либералдык-демократиялык партиясы Фарафонов күнөлүү деп табылса, кыргыз мигранттарын департациялайбыз, деп коркутууда. Мындай билдирүүнү аталган партия өзүнүн Интернет баракчасында 16-июнь күнү жарыялаган.

«Расмий түрдө билдиребиз: кыргыз соту адилетсиз өкүм чыгарып, журналист Фарафонов камакка алына турган болсо, Орусиянын Либерал-демократиялык партиясы кыргыз мигранттарынын бардыгын мекенине департациялоону катуу талап кыла баштайт», — деп айтылат орусиялык либерал-демократтардын билдирүүсүндө.

Владимир Фарафонов жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын ортосундагы соттошуу үч айдан бери уланууда – УКМК аталган журналистти өзүнүн жарыялаган билдирүүлөрү менен улуттар аралык кастыкты козуткан деп, улутчулдукта айыптаган.

Кыргызстандык укук коргоо органдарын кызыктырган материалдардын арасында Фарафоновдун «Русское единство» Интернет баракчасынына жазылган макаласы бар. Макалада ал 2010-жылкы этностук чыр-чатакты баяндап жатып, «кан жана жазасыздыкдан жырткычтанган мас абалдагы, негизинен, айылдык жаш кыргыздар жашы жете элек өзбек балдардын баштарын алып жатышты», деп жазган.

Кооптуу прецедент

Илимдер академиясынын экспертизасы журналист Фарафоновдун беш макаласында улуттар аралык жаңжал чыгаруунун белгилерин таап көрсөткөндөн кийин, ага, тергөөнүн маалыматтары боюнча компьютеринен өчүрүлгөн дагы 11 макаласы тууралуу күнөө коюлган.

УКМКнын кызматкерлеринин маалыматтарына карганда, Фарафоновдун компьютеринде кайра калыбына келтиринлген, бирок журналист табылган тексттерди «атайын ойлоп табылганын» айтып, өзүнүн авторлугун танууда.

Фарафонов өзү макалаларынын националисттик мүнөздө экендигин четке кагып, эч кимге акарат кылуу ниети жок болгонуна ишендирүүдө.

Өзүнүн күнөөсүздүгүнө далил катары анын үй-бүлөсүнүн улуттар аралык мүнөзүн көрсөтүүгө болот. Журналисттин айтымында, анын үй-бүлөсүндө «кыргыздар да, орустар, казактар, татарлар, украиндер, ал турсун индустар менен малаецтер да бар».

Акыйкатчы Турсунбек Акун жана башка сот процессинин сынчылары кыргызстандын бийлигин бир тараптуулукта айыптап, улуттар арасы жаңжал чыгаргандыгы үчүн басма сөздө жарыяланып жаткан кыргыз тилдүү националисттер куугунтуктоого алынбагандыгын билдиришүүдө.

Фарафоновдун өзү мурунку отурумда, эгер ага катуу өкүм чыгарыла турган болсо, бул журналисттерди соттук куугунтукка алууда кооптуу прецедент болуп калышы мүмкүн экендигин билдирген.

Автор: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нудаида Абдыкапар кызы